ТҮРКИЯ ИРАКТАГЫ КУРДДАРДЫН СОГУШТУК КҮЧТӨРҮНӨ ЧАБУУЛ ЖАСООГО ДАЯРДАНУУДА

Түркиянын парламенти бүгүн Түндүк Иракта бекинген курддардын жикчил тобунун согуштук күчтөрүнө каршы чабуул коюу максатында чек аранын сыртына аскер жиберүү тууралуу мыйзам актысын талкуулайт.
Кийинки жумалардын ичинде курддардын ПКК аталган жикчил уюмунун чабуулдарынын натыйжасында окко учуп өмүрү кыйылган аскерлердин саны кескин өсө баштагандыктан, эл арасында нааразылык толкуну улам көтөрүлүп, оппозициядагы айрым партиялардын катуу сындары башкаруудагы өкүмөттү алардын талабындагы мыйзам актысын парламентке сунуш кылууга аргасыз калды. Вашингтон байма бай каршылык билдирип келаткандыгына карабастан Режеп Тайип Эрдогандын өкүмөтү бул жолу саясий жана дипломаттык чаралар менен кошо аскерлерди да ишке тартууга чечкиндүү көрүнөт. Эрдоган кечөө партиясынын парламенттеги тобунун жыйынында чыгып сүйлөп, аскердик операциянын бирден-бир бутасы ПКК жикчил тобу боло турганына ишендирүүгө далаалат кылды.

“Боло билүүчү бир чегараны ашкан аскердик операциянын бутасы жападан-жалгыз—мунун астын өзгөчө сызып айтаар элем—жападан-жалгыз террор уюму ПКК болот. Эч ким бул мыйзамдын артында башкача максат жана амалдар бар деп ойлобосун. Ирак биздин кошунабыз; кандайдыр бир боло билүүчү аракет карапайым адамдарга же Ирактын саясий жана териториялык бүтүндүгүнө каршы болбойт. Бул мыйзам актысынын кагаз бетинде эле кала беришин чын жүрөктөн каалар элем. Актынын парламенттин жактыруусунан өтүшү дароо аскердик операция башталат дегендикти түшүндүрбөйт. Операция керек болгон абалда жана эң үзүрдүү натыйжаны алгыдай түрдө өз маалы жана убагында ишке ашат”, - деп айтты Эрдоган.

Түркиянын чек арадагы абалга болгон чыдамы бүтүп баратканын сезген Ирактын жетекчилери Анкараны шашылыш масалат өткөрүүгө чакыра баштады. Кечөө Ирактын президентинин орунбасары Тарык Хашими күтүлбөгөн бир сапар менен Анкарага келип, Түркиянын Иракка бир тараптуу аскердик операция жасоосуна Багдад каршы экенин айтып, дипломатияга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүүгө үндөдү. Кечөө Багдадда кабинет мүчөлөрү менен жыйын өткөргөн Ирактын премьер-министри Нури Эл Малики дагы ырасмий Анкара менен маселелерди талкуулашка даяр экенин, бирок аскердик чараларды кабыл алууга болбой турганын билдирди.

Евробиримдик дагы маселенин дипломатиялык-саясий жолдор аркылуу чечилүүсүн жактаарын билдирүүдө.
“Еврокомиссия ПКК уюму тарабынан такай ишке ашырылып келаткан зомбулукту, анын ичинде Шырнак калаасында жана башка аймактарда карапайым адамдарга жана аскерлерге каршы жасалган атакаларды айыптайт. Еврокомиссия террорчулука каршы күрөш маселесиндеги Түркиянын турумун дагы туура түшүнөт. Түркия, Евробиримдик тарабынан террорист уюм катары катталган ПКК-нин чегаранын арткы жагынан болгон чабуулдарына туш келүүдө” деп белгилеген кечөө Брусселде басма сөз алдында айткан сөзүндө өкүл Кристина Нож, проблемалардын сүйлөшүүлөр аркылуу чечилерине үмүтүн билдирди.