«АК ШУМКАР» ПАРТИЯСЫ РЕФЕРЕНДУМДА КАРШЫ ДОБУШ БЕРЕТ

Узап бара жаткан аптада өлкөнүн саясий турмушунда бир катар окуялар орун алды. 15-октябрда “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылы жыйын өткөрүп, анда “Акжол” элдик партиясы негизделди. Бул партияга төрага болуп бир добуш менен өлкө башчысы К. Бакиев шайланды. Буга чейин дагы бир катар партиялардын активдүүлүгү байкалып жаткан эле, соңку эки күн ичинде коомчулук бул жаатта бир топ жаңылыктарга күбө болууда. Партиялар жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу “Азаттыктын” таңкы уктурууларында Жогорку Кеңештин депутаты, "Ак шумкар" саясий партиясынын теңтөрагасы Темир Сариев маек куруп берди.
- 18-октябрда “Акшумкар” партиясы билдирүү таратып, анда кыргызстандыктарды референдумда “каршы” добуш берүүгө чакырды. Буга эмне себеп болду?

- Мунун эки себеби бар. Биринчиси, референдум мыйзамга каршы келген мөөнөттөрдө жарыяланып калды. Биз муну президентке айтканбыз “Референдумдун мөөнөтүн мыйзамга жараша кылыңыз” деп. Конституциянын талабы бул конституциялык мыйзам болуш керек референдум болуш керек, ошонун негизинде өтүш керек. Экинчиси, Конституциянын ички мазмунуна биз 5-6 өзүбүздүн сунушубузду киргизгенбиз. Ошонун ичинде өтө орчундуу маселелер дагы бар. Президент аларды кабыл алган жок. Биз айтканбыз, эгерде кабыл алса, биз ошонун негизинде “макул” дейбиз, эгерде кабыл албаса Баш мыйзамга каршы чыгабыз деп. Президент кабыл албагандан кийин биз өзүбүздү жактаган адамдарды, партиялаштарды референдумда “каршы” добуш берүүгө чакырдык.

- Шейшемби күнү сиз айрым оппозициялык маанайдагы “Акшумкар”, “Атамекен”, “Асаба” партиялары биригип жаңы партия түзүшү мүмкүн деген элеңиз. Кандай тыянакка келдиңиздер?

- Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ачык айтып коюш керек, сүйлөшүүлөр оңой болгон жок. Бардык оппозициячыл көз караштагы партиялар биригүүнүн негизги идеологиясына, негизги багытына макул деп жатышат. Бирок кандай шартта биригебиз ошонун үстүнөн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

- Темир мырза, “Акшумкар” саясий партиясы “Атамекен” партиясынан башка дагы кайсы партияларды тилектеш катары санайт?

- Биз “Асаба” партиясы менен сүйлөшүп жатабыз. “Арнамыс” партиясы менен биздин кээ бир теңтөрагаларыбыз сүйлөшүп жатат. Андан башка Муратбек Иманалиевдин “Прогрессивдик” партиясы менен сүйлөшүп, бир топ чоң жетишкендиктерге жеттик. Бул дагы улантылат жана дагы бир топ майда партиялар бар, алар менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

- Жакында эле саясат таануучу Карыбек Байбосунов “Азаттык” үналгысына берген маегинде, бийликти колдогон дагы, оппозициялык маанайдагы дагы партиялар бириксе, Кыргызстанда күчтүү партиялар түзүлүшү мүмкүн деген божомолун айткан эле. Сиз буга ишенесизби? Партиялар бул нерсеге даярбы?

- Сүйлөшүүлөрдүн негизин карап көрсөк албетте биригүү кыйын, анткени тарыхы бар партиялар, жаңы партиялар бар, идеологиялар келишпеген дагы партиялар болуп жатат. Эң негизгиси абдан колориттүү башында турган өздөрүнүн лидерлери болуп жатат. Алардын ар кимисинин өзүнүн көз караштары түптөлүп, калыптанып калган. Ал эми “Акжол” аттуу президент колдогон партия түзүлдү эле, көрүп жатабыз алардын дагы жыйынтыгын. Анткени бир топ аларга кирген партиялар кайрадан өздөрүнүн каршы пикирлерин көргөзүшүп, кирбестигин айтышып, же болбосо дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп айтылган. Себеби “Акжол” партиясы көбүн эсе күч менен топтолуп калган да. Башчылары эле кирип, ал эми өздөрүнүн жөнөкөй мүчөлөрү бул жөнүндө эч кандай кабары жок болчу. Ушундан улам көп проблемалар чыгып жатат.

- Рахмат.

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек