СОТ: БАБАНОВ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛЕ ЖАРАНЫ

25-декабрда Жогорку сот Кыргызстан социал-демократиялык партиянын төрага орунбасары Өмүрбек Бабановду партиялык тизмеден чыгарып салуу жөнүндөгү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Парламент шайлоого жуп калганда аны атаандаштыктан четтетип, социал-демократиялык партиянын тизмесинен чийип салуу тууралуу райондук сот чечими он күндөн кийин четке кагылды.
Өмүрбек Бабановдун Кыргызстан жараны экендиги экинчи ирет ырасталып, жалаң шайлоо алдында козголуп калчу маселеге бул ирет Жогорку сот соңку чекитин койду.

- Ушул иш боюнча чыгарган Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими жокко чыгарылсын! Жаңы чечим кабыл алынсын!

Жогорку соттун мүчөсү Бурул Жаманкулова бул чечимге кошуп ошол эле Биринчи Май райондук сотунун Ө.Бабановду партиялык тизмеден чыгаруу жөнүндөгү чечими да мыйзамга кайчы келерин тастыктады.

Ө.Бабановдун Кыргызстан жараны экени Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна чейин 2005-жылкы парламент шайлоо алдында Талас облусунун Карабуура райондук сотунда териштирилген. Бирок да ага карабастан “24 kg” агенттиги Ө.Бабанов Казакстан жарандыгын жашырып келгендигин жарыя кылган. Буга нааразы болгон социал-демократиялык партиянын жетекчи орунбасары жалган маалыматты тараткан агенттикти шайлоо өткөндөн кийин сотко бере тургандыгын билдирген. Бирок да ага чейин эле Ө.Бабанов башка өлкө жарандыгын жашырып келген деп айып койгон С.Ступактын арызынын негизинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-декабрда аны партиялык тизмеден алып салуу тууралуу чечимин чыгарып отурбайбы.

Ушу азырга чейин райондук сотто териштирилип, абыдан такталган иштен дагы кынтык чыгарып, парламент шайлоо алдында социал-демократиялык партиянын төрага орунбасарынын атаандаштыктан четтетилишине кимдер кызыкдар экени ачыкка чыга элек. Райондук сотко кайрылган Сергей Ступак мурдагы доо-арызынан баш тартканын жарыялап, Жогорку сотто андан башка эч нерсе айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Мен башка нерсени бергемин. Мен анын Казакстан жараны эместигин айттым.

Өмүрбек Бабановдун жактоочусу Елена Жылкычиеванын айтуусунда, талаштуу ишке кимдер кызыкдар экени белгисиз бойдон калууда.

- Билесизби, бизди да ушул маселе кызыктырган. Соттук териштирүү маалында биз ага көбүнесе мамлекеттик мүнөздөгү маалыматты кантип алгандыгы тууралуу суроо бергенбиз. Жөнөкөй адамга мындай маалыматты жөнеле келип алышы өтө кыйын. Бирок да бул суроолор жоопсуз калды,- деп билдирди Е.Жылкычиева.

Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Дүйшөнбек Мамыралиевдин пикиринде, Ө.Бабановду шайлоо атаандаштыгынан четтетүү аракети кимдир бирөөлөрдүн саясий заказынын негизинде болгон иш.

- Заказ болуш керек. Мындайда, мунун артында бир нерсе болуш керек. Өзүнөн- өзү эле бул чыга калбайт.

Ушундай эле пикирин анын экинчи бир партиялашы Өмүрбек Үмөталиев да бышыктады.

- Мына сот, бир күн калганда, 15-декабрда бул иш жасалды. Бул кадимки эле саясий заказ го деп ойлойм.

Ө. Бабанов мыйзам негизинде Кыргызстан жараны экенин ырастады. Эми ал партиялык тизмедеги ордун ээлеши же депутаттыкты тизмедеги өнөктөшүнө өткөрүп бериши жакын арада жарыя болушу керек.