ОППОЗИЦИЯНЫ АЛСЫРАТУУ АМАЛЫ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?

Cоңку кезде кыргыз коомчулугунда оппозиция алсырап, мурдагыдай үнү чыкпай калды деген пикирлер айтыла баштады. Айрым талдоочулар муну саясий кысымдан улам оппозиция лидерлеринин кээ бирлери саясаттан кетип жатышы менен байланыштырууда. Бирок оппозиция өкүлдөрү мындай пикирлерге макул эместигин айтышса, серепчилер мындай саясий кысымдардын арты жакшы болбостугун, оппозиция саясий айдыңдан сүрүлүп чыгарылса, алардын ордун башка радикалдуу күчтөр ээлеп калышы мүмкүндүгүн белгилешүүдө.
Оппозициянын айрым өкүлдөрүнө жасалган акыркы убактагы кысымдардан улам алардын саясат айдыңынан четтеши коомчулукта ар кандай пикирлерди пайда кылууда. Оппозиция өкүлдөрү болсо айрым адамдардын саясаттан кетиши менен эле оппозициянын үнү өчтү деп айтуу туура эместигин айтышууда. Оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирип жаткан «Акыйкат үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири Темир Сариев оппозиция иштеп жатканын айтат:

- Оппозиция иштеп атат, оппозиция деген бул бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын колдобогон, ага каршы болгон, башка жолун билген, айткан адамдар. Азыр баары көрүп турат, бийликтин атйканы сөзү менен кылган иши айкалышкан жок.

Социал-демократтар партиясынан шайланган парламент депутаты Иса Өмүркулов Кыргызстанда оппозиция былтыр болуп көрбөгөндөй жаңы бийиктикке чыгып, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгонун, бирок азыр оппозиция алсырады деген бийликке ыктагандардын чыгарганы болушу мүмкүндүгүн, тек гана азыр оппозициянын үнү калың элге жетпей жатканын, ага көптөгөн маалымат каражаттарынын багытын өзгөртүп жибергени да себеп болгонун белгилейт. Депутаттын пикиринде, саясий кысымдар оппозицияны мокотпой эле кайра курчутат:

- Менимче кайра курчутат. Бул жолду биз басып өттүк эле 2005-жылга чейин. Ушул бирөөнүн оокатын тартып алуучулукту, зөөкүрчүлүктү, басып алуучулукту… мунун арты жакшы болбойт го…

Депутат Иса Өмүркулов ошондой эле оппозиция лиедрелеринин саясаттан четтеп жатышы да өзүнчө бир саясат деп эсептейт.

Ошол эле учурда коомчулукта оппозициянын айрым өкүлдөрү азыр чыныгы жүзүн көрсөтүп койгону тууралуу да пикирлер да жок эмес. Бизде туруктуу оппозиция жок экен деп эсептеген белгилүү коомдук ишмер Мирослав Ниязов болсо канткен менен Кыргызстанда демократия жараяндарын токтотуу мүмкүн эместигин белгилейт:

- Бүгүнкү бийлик оппозициянын оозун, эркин басабыз деген жол менен кетти. Элдин оозун басса болот, бирок мындай учурда эл бийликке жөлөк болуп бере албай, анда күч структурасына гана таянып калат. Биз демократияны анча-мынча болсо да түшүнүп калдык. Демократия процессин эч ким токтото албайт. Жакын арада жаңы күчтөр чыгышы мүмкүн. Баш көтөргөндөрдү кичине коркутуп-үркүтсө болот. Бирок бийлик жалпы элдин эркин эч качан баса албайт. Бул – чоң адашуу.

Оппозицияны саясий айдыңдан күч менен сүрүп чыгаруу менен саясат эрежеси бузулаарын башка серепчилер да белгилешүүдө. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай учурда бош калган орунду радикалдуу оппозиция ээлеши мүмкүн деген пикирде:

- Мындай иштердин арты жакшы болбойт. Оппозицияны сүрүп чыгарсак эле тынчып калабыз дегендер жаңылышат. Саясий талаа эч убакта бош калбайт. Бийликке дайыма оппоненттер келип турат. Алардын ордуна абдан радикалдуу оппозиция келип калышы мүмкүн. Ошон үчүн саясатты да өзүнүн эрежесине ылайык жасаш керек.

Ошентип Кыргызстанда оппзициялык күчтөр азырынча саясий саябандан четтеп турушат. Бийликке каршы жана калыс күчтөрдү бириктирип жаткан «Акыйкат үчүн» кыймылы болсо саясий күрөштүн жаңы жолун тандап, коомдук парламент түзүп жатканын жарыялоодо.