КООМДУК ПАРЛАМЕНТ КОНСТРУКТИВДҮҮ КҮЧ БОЛО АЛАБЫ?

«Акыйкат үчүн» кыймылынын астында биригип жаткан Кыргызстандагы бийликке каршы жана калыс күчтөр жыл башында коомдук парламент түзүү чечимин кабыл алганы белгилүү. Учурда коомдук парламенттин курамы негизинен куралып бүтүп, алгачкы отурумда каралчу маселелердин күн тартиби аныкталды. Буга чейин анын жобосу жана регламенти бекитилген. Коомдук парламенттин алгачкы жыйыны эмки жумага белгиленүүдө.
Элүү кишиден турган коомдук парламенттин курамынын алгачкы сабында Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Аликбек Жекшенкулов, Мирослав Ниязов, Темир Сариев, Эмил Алиев сыяктуу белгилүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер турмакчы.

20-февралга белгиленип жаткан алгачкы отурумдагы биринчи маселе - коомдук парламенттин төрагасын жана орун басарын шайлоо маселеси болот.

Учурда төрагалыкка Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, «Таза коом» партиясынын жетекчиси Абдыганы Эркебаевдин талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу билдирген «Акыйкат үчүн» кыймылынын координациялык кеңешинин жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов андан кийин төмөнкүдөй маселелер каралышы күтүлүп жатканын айтат:

- Эң негизгиси – азыркы менчиктештирүү маселеси. Бийлик энерго тармакты, газ ишканаларын менчиктештирбиз деп жатпайбы. Ушул маселелерди карап, өзүбүздүн сунуштарыбызды айтышыбыз керек.

Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, коомдук парламентке жаштар өкүлдөрүнүн келишине да өзгөчө басым жасалууда. Маселен, анын курамына жаштардын «Мен ишенбейм» кыймылынын да бир топ мүчөлөрү да кирип жатат.

Аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Жоомарт Сапарбаев коомдук парламент коомчулуктун үнүн, пикирин билдирип турган трибуна болооруна үмүт артат:

- Коомдук парламент биз үчүн биринчи кезекте маалыматтык платформа болмокчу. Анткени бизге коомдук парламент аркылуу үнүбүздү угузуп, оюбузду айтып, маалымат алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойм. Азыркыдай шартта мындай уюмдардын мааниси абдан чоң. Коомдук парламент коомчулуктун үнүн угузган жакшы трибуна болооруна ишенем.

Ошентип учурда көпчүлүк Кыргызстанда алгач ирет түзүлүп жаткан бул уюмдун келечеги, таасири кандай болооруна бүшүркөп турушат. Ошол эле учурда мындай уюмдун түзүлүшүн оппозициянын жаңы денгээли катары баалаган пикирлер да жок эмес.

Уюштуруучулардын айтымында, коомдук парламент өлкөдөгү орчундуу делген маселелерди талкууга алып, бийликке, коомчулукка өз сунуштарын берип турмакчы.

«Ак жол» партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каниметов да оппозициялык күчтөрдүн мурдагыдай көчөгө чыгып «кетсин» деп кыйкырбай ушундай жолду тандашын туура көрөт.

- Канчалык көп пикир болсо, андан жакшы нерселер да чыгып, өнүүгүгө жол ачылат. Анда туура маселе козголсо эл угат. Анан баягыдай эле «кетсин» деген нерселерди айта баштаса эл кабыл албайт. Эми анын кандай болоорун убакыт көрсөтөт. Кантсе да менимче бул көчөгө чыгып «кетсин» деп кыйкыргандан көрө алда канча цивилдүү жол.

Ошентип мындай уюмдун түзүлүшү учурда коомчулукта ар кандай пикирлерди пайда кылууда.

Айрым серепчилер болсо, коомдук парламент эгер жигердүү иш алып баруу менен маселени туура койсо, туура сунуштарды киргизсе конструктивдүү чоң күчкө айлануусу мүмкүн экенин белгилешүүдө.