“..КАЙЫҢ БАРБЫ КЫРГЫЗ БАЛТА ЧАППАГАН?..”

Өткөн ишемби күнү Москва шаарында улутчул такырбаштардын колунан дагы бир кыргызстандык жигит каза тапты. Бул бир жарым ай ичинде улутчулдар тарабынан өлтүрүлгөн алтынчы кыргыз жараны болуп эсептелет. Буга карабай Орусияга барып иштөөнү каалаган кыргызстандыктардын аягы тыйылчудай эмес.
Карасуу районунун тургуну Үмүтай Карыбекованын тогуз баласы бар болсо, жетөө ушул тапта Москва облусунда утурумдук жумушта иштеп жатышат. Төрт жыл мурда Москвага иштегени кеткен кичүү уулунун артынан жыл сайын бирден-экиден кетип отуруп, азыр эки кызы гана Кыргызстанда калды.

-Москвага кеткен балдарымдын балдарын алып калдым, азыр ошолор менен отурам. Баары жакшы иштеп жатышат, айлыктары да жакшы, бизге, үйүнө салып турушат.

Үмүтай эже Москвага иштегени кеткен балдары үй-жайын оңдоп, неберелерин окутууга кенен каражат таап атканы менен, алардын өмүрү кылдын учунда тургандыгына кейип, заманга нааразы болуп отурган учуру:

-Бирок кээде туруп, жакшы болгону курусун дейсиң да. Өзгөчө жанагинтип “өлтүрүп кетиптир, сайып салыптыр” деген кабарларды телевизордон көргөндө, радиодон укканда балдарымды ойлоп, заманам куурулуп, жүрөгүм ооруйт.. Мага деле алардын маңдайымда, балдарынын алдында жүргөнү жакшы эле да, айла жоктун иши болуп атпайбы.., -дейт Үмүтай Карыбекова.

Өмүрлөрү бычак мизинде турса да мигранттар жакшыраак жашоо үчүн туулган жерден, ата-энеден, үй-бүлөдөн алыс иштөөгө аргасыз. Бул тууралуу Москвада иштеп жаткан кыргызстандыктар биз менен байланышкан учурда билдиришти.

Москва облусунда жашылча тазалоочу кампада иштеген кыргызстандык мигрант Элмиранын айтуусунда күн өткөн сайын абал кооптуу болуп баратат:

-Менин бул жакка келгениме да үч жыл болуп калды. Мурдараак мындайларды көп уга берчү эмес элек. Былтыр, быйыл жаман болуп кетти. Жаңы жылдан кийин эле биз жашаган шаардагы дүкөндүн жанында бир тажикти өлтүрүп кетишти. Колдон келишинче этияттанып жүрөбүз. Токмок жеп, ооруканага түшүп, араңдан зорго эсине келгендер толтура, кыргызы да, өзбеги да, тажиги да бар..

Бишкектин темир жол бекетинен апта сайын үч-төрт каттам поезд Орусияга сапар алат. Узатуучулардын айтуусунда көбүнчө Бишкек-Москва каттамындагы поезддерге жүргүнчү көп. Орусияга соода-сатык кылуу үчүн эмес, утурумдук иш иштөө үчүн кетип бараткандар да негизинен ушул Бишкек-Москва каттамынан орун алышат. Байкоочулардын баамында Орусияга каражумушта иштөө үчүн агылган жарандардын саны өзгөчө акыркы жылдары арбыды.

Сыртка агылган мигранттарды өлкөдөгү чабал экономика, жашоо-турмуштун оордугу аргасыз кылууда. Кечээ Талас облусунун Көпүрө-Базар айлынын тургундары өкмөт жарандарын сырт жакка иштөөгө мажбурлабай, жумуш менен камсыз кылуусун, токтоп турган өнөр жай, кендерди иштетүүсүн талап кылышты. Алардын бири Акматбек Эшенкуловдун “Азаттыкка” айтканы боюнча элет жеринде боору бүтүн үй-бүлөлөр азайып баратат:

-Көптөр кетип атышат. Аялы кетсе, күйөөсү калат, күйөөсү кетсе, аялы калат. Биздин айылда картошка менен чөптөн башка эчнерсе жок. Жумуш жок, ошондуктан айылдагы жаштар чогулуп, өкмөттөн Андаш алтын кенин иштетип берсин деп талап кылып, ушул жакка келип отурабыз, -дейт Акматбек Эшенкулов.

Жыл башынан бери Орусияда иштеп жаткан кыргызстандык алты мигрант улутчул такырбаштардын колунан каза таап отурат. Анын ичинен бешөө Москва шаарында болгон. Өткөн жылдары 300 дөн ашуун кыргызстандыктын Орусиядан сөөгү келген. Буга чейин мындай окуяларга унчукпай келген расмий бийлик да жакындан тарта тынчсыздануусун билдире баштады. Өткөн жумада Коопсуздук Кеңешинин катчысы Токон Мамытов Орусиянын ички иштер министри жана коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу менен сүйлөшүп, кыргыз атуулдарынын өлүмүнө байланыштуу маселени көтөрдү. Кечээ орус ИИМинистри Рашид Нургалиев бул маселени иликтөө ишин жеке көзөмөлүнө алгандыгын президенттик маалымат кызматы жарыялады.