АЛТЫН КЕН ТАЛАШЫ КИЙИНКИ СОТКО КАЛТЫРЫЛДЫ

Парламенттин төрага орунбасары Кубанычбек Исабековдун өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы “Кумтөр” долбоорун жаңылоо боюнча токтомун жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин райондор ортолук сотуна берген доо-арызын кароо 14-мартка жылдырылды. 1992-жылкы башкы келишим боюнча 2007-жылдын майында алтын кен долбоорун башкаруу Кыргызстанга өтмөк. Бирок да аны күтпөй кыргыз өкмөтү 2003-жылы “Кумтөр” алтын кен долбоорун жаңылоо жөнүндө токтом чыгарып, анын 33% акциясы менен “Центерра Голд” компаниясынын курамына киришине макулдугун берген.
1992-жылы кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясынын ортосунда “Кумтөр” алтын кенин иштетүү тууралуу башкы келишимге кол коюлган. Буга чейин эле “Кумтөрдө” алтындын ири запасы бардыгын геологдор аныктап, бирок да алыскы тоо арасындагы алтынды казып алууну Совет өкмөтү кийинкиге калтырып келген. Кыргызстандын геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин кеңешчиси Владимир Зубков “Кумтөр” алтын кенинде 700 ашуун тонна алтындын запасы бардыгы мурда эле аныкталганын билдирди.

- Запастардын аркыл категориялары бар. Экономикалык, ресурстук, божомол запастары болот. Ошон үчүн сандар өзгөрүлүп жатпайбы. Советтер Союзу тушунда 315 тонна экономикалык запас бардыгы эсептелинип чыккан. Ошондой эле жер алдынан казылчу запастын өлчөмү 200 тоннага жакын деп болжолдонуп келген. Божомол ресурс дегенибиз да 200 тоннага жеткен. Ошондон 715 же 717 тонна деген сан келип чыккан.

“Кумтөр” алтын кен долбоору 1997-жылдан тарта иштей баштаган. Буга чейин компания тарабынан 195 тоннадан ашуун алтын казылып алынды. Алтындын баасы дүйнөлүк базарда кымбаттагандын үстүндө гана баратат.

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрында кабыл алган токтомун сот аркылуу жокко чыгартып, алтын кен долбоорун мурдагы шартына - 1992-жылкы башкы келишим боюнча иштөөсүнө мажбур кылуу керектигин билдирди.

- Ошол токтом жокко чыкса башкы келишим менен иштей берет. Кумтөрлүктөр кетпейт. Азыр бир унций 9 долларга чыкты. Жөнөкөй эсеп менен алганда эле биз Кыргызстанга 7,5 миллиард доллар пайда табат экенбиз. Биздин 2 миллиард карызыбызды жаап, анын үстүнө да биздин экономиканы көтөрө турган абдaн жакшы мүмкүнчүлүгүбүз пайда болот.

К.Исабеков 2003-жылдын 31-декабрында өкмөттүн жыйыны өтпөгөнүн, расмий кагазга министрлер кийин кол коюшканын белгилеп, өткөн жылкы А.Атамбаевдин өкмөтү канадалыктар менен беш келишимге кол коюшканын, анын экөө гана парламентке келгенин маалымдады.

- Ратификация боюнча парламентке эки гана келишим келген. Калган үчөө кайда? Мен ошону сурасам бул В.Зубков да айтып койду. Дагы бир үч жерге, жанагы Борбордук деген жердин жанына булар мыйзамсыз лицензия берип коюшкан. А лицензия бергенге булардын акысы жок болчу.

Алмазбек Атамбаев канадалык “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөр кыйла эле оор болгонун, 32 миллион акцияларды Кыргызстанга кайтарып берүү кыйынчылыкка турганын өткөн жылы парламент жыйынында жарыя кылган.

- 32 миллион акцияны бериш оңой болду деп ойлобогула. Ичинен керек болсо кан өтүп кетти да. Ыйлап атып берди да бизге. Анын үстүнө билесиңер мурунку өкмөт 6,5 миллион акцияга макул болгон. Биз 5 эсе көбөйттүк.

К.Исабеков “Кумтөр” алтын кени боюнча 2003-жылкы өкмөт токтомун сот аркылуу жокко чыгаруу жөнүндөгү демилгесин партиялаштары колдой тургандыгын кошумчалады.

- Мен ишенем, “Ак жол” партиясы элдик партия, элдин кызыкчылыгын колдошу керек. Анан кийин мен бул маселени жөн калтырбайм. Мен азыр премьер-министрдин атына расмий кат жиберем. Эмне үчүн мындай мыйзамдар аткарылбай жатат, соттун суранычтары аткарылбай жатат? Тиешелүү кишилерди жоопко тарткыла дейм.

“Кумтөр” алтын кени боюнча кыргыз өкмөтүнүн өткөн жылдын августунда кол койгон эки келишимдин парламенттен өтүшү да ушу тапта арасат абалда туру. Мурунку парламент аны жакшылап карап, узак талашып отурушун күтпөй президент Жогорку Кеңешти таратып, анын ордуна келген “Ак жол” партиясынын жаңы мыйзамчы мүчөлөрүнүн деле Кыргызстан үчүн маанилүү делген документти колдоого ашыккан түрү көрүнбөйт.