МАМДУМА ТААНЫЛБАГАН РЕСПУБЛИКАЛАРДЫН ӨТҮНҮЧҮН ТАЛКУУЛАДЫ

Россиянын мамлекеттик думасы Абхазиянын,Түштүк Осетиянын жана Трансднестрдин статусу тууралуу кечээ жабык талкуу өткөрүп, эч кандай саясий чечим кабыл алган жок. Таанылбаган үч республика менен кызматташуу маселеси эмдиги аптада карала турган болду. Айрым маалыматтарда Россия аларга “кийин таанылма” макам ыкмасын сунуш кылганы жатканы айтылууда.
Орусия Мамдумасынын КМШ иштери боюнча комитет төрагасы Алексей Островский “кийин таанылма” статус ыкмасы дүйнөлүк практикада жолугарын жана эл аралык укук системасында кабыл алынган тажрыйба экенин эске салды.

Бери эле дегенде бул форма эл аралык ар түрдүү уюмдардын олуттуу каяшасын пайда кылбайт, деп айтты ал кечээ (13-мартта) Мамлекеттик думада жабык талкуулар аяктаган соң.

Бирок “кийин таанылма” макамына Абхазия караманча макул боло албастыгын республиканын тышкы иштер министри Сергей Шамба ырастады.

Думадагы талкууларга Абхазиянын, Түштүк Осетиянын (Грузия) жана Трансднестрдин (Молдованын Днестр бою аймагынын) делегациялары да катышты.

Алардын баары Косоводон кийин бул үч республиканын көз карандысыздыгын тааныганга жол ачылганын айтышып, орус депутаттарын ушундай кадамга чакырышты.

Мамлекеттик думанын тийиштүү комитети даярдаган документтин долбоорунда орус өкмөтүнө аталган үч республика менен мамилелерди өзгөртүү сунуш кылынган.

Атап айтканда, үч республикада өндүрүлгөн товарларды Россияга эркин ташып келүү, алардын ар биринде Москванын атайын миссияларын ачуу жана башка кадамдар каралган.

Документтин долбоорун депутаттар алдыдагы дүйшөмбү күнү карай турган болушту.

КМШ институтунун Кавказ аймагы боюнча эксперти Михаил Александров Грузия менен Молдавиядан бөлүнүүнү каалаган үч республиканы көз карандысыз деп тааныганга Москвага али абдан эле эртелик кылат деп эсептейт:

- Косовонун өнөгөсүнө каршы чыгып, ага катарлаш эле Абхазия менен Түштүк Осетиянын, Трансднестрдин көз карандысыздыгын тааный салыш баарыдан мурда Россия үчүн акылга кайчы келген иш болмок. Мындай кадам россиялык дипломатиянын эл аралык кадырын кетирмек.

Абхазия, Түштүк Осетия жана жана Трансднестр алардын эгемендигин таануу өтүнүчү менен орус думасына буга чейин да бир нече ирет кайрылышкан.

Бирок не ак, не көк деген жооп алышкан эмес.

Жакында, ушул айдан башында Россия Абхазияга карата жарыяланган санкциялар режиминен чыккан эле.