УКУК КОРГООЧУЛАР ЭНЕРГЕТИКА МАСЕЛЕСИН АЧЫК ТАЛКУУЛООНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

Энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1051D41D-74FF-46A7-9513-9B3A2861FD14.asp тармагын менчиктештирүүгө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтомун бүгүн парламенттик көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясы жабык талкуулады. Ошол эле мезгилде укук коргоочулар менчиктештирүүнүн ачык-айкындыгын талап кылган билдирүү таратты. Фракция жыйынына катышып жаткан укук коргоочулар танапистен кийин жыйындан күч менен чыгарылды.
“Стратегиялык обьектилер жөнүндөгү” , “Энергетика жөнүндөгү” , “Энергетиканы өнүктүрүү боюнча улуттук программа жөнүндөгү” мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш апрель айындагы күн тартибине киргизген. Эртең жалпы жыйынга чыгаары күтүлүп жаткан долбоорлорду бүгүн парламентте басымдуу мандатка ээ “Ак жол” фракциясы жабык талкуулады жана анын жүрүшү, тыянактары тууралуу расмий маалымат тараткан жок.

“Ак жолго” мүчө айрым депутаттардын маалыматтарына караганда, долбоорлорду фракция дээрлик кубаттады. Депутат Алишер Мамасалиевдин айтымында, Энергетиканы өнүктүрүү программасы боюнча фракция өкмөткө кошумча тапшырма берди:

-Демилге көтөргөн тарапка сунуш киргиздик, маалымат берсин деп, эгер менчиктештирүү болсо, ал кайсы жол менен ишке ашат: сатылабы, ишеним берүү аркылуубу же сатылабы?

Бул аралыкта укук коргоочуларды менчиктештирүү маселесинин жабык чечилип жатышына тынчсыздандырууда. Фракциянын жыйынына катышуу үчүн барган алты укук коргоочу “Энергетика жөнүндө” мыйзам долбоору талкуулангандан кийин күч менен чыгарылды.

Укук коргоочулар “Энергетика жөнүндөгү” мыйзам долбоорундагы электр кубатын товар катары таануу, ал эми аны мыйзамсыз пайдалангандарды жоопко тартуу жоболорун атуулдардын социалдык укуктарына шек келтирет деп эсептешүүдө.

Укук коргоочулар: “Кумтөр өңдүү каталарды кетирбөө зарыл”

Укук коргоочуларды баарынан мурда “Стратегиялык обьектилер жөнүндөгү”, “Энергетиканы өнүктүрүү боюнча улуттук программа жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору тынчсыздандырууда. “Кылым шамы” уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова укук коргоочулар уюштурган маалымат жыйынында буларды белгиледи:

- Стратегиялык обьектилер жөнүндөгү мыйзам долбоорунда “Токтогул гидроэлектрстанциясынын каскады жана кубаттуу электр өткөргүч зымдарынын өзгөчө макамы жөнүндөгү” мыйзамды жокко чыгаруу каралган. Токтогул каскадына беш ГЭС кирет, ОшПЭС кирет. Андан тышкары жогорку вольттуу линиялар жана түндүк-түштүктү туташтырган газ кууру кирет. Ушулардын бардыгы бүгүнкү күндө мыйзам менен корголуп аткан. Акциянын 93,72%и мамлекеттин колунда болуп аткан. Токтогул каскадын эч убакта күрөөгө коюуга, тышкы карызды төлөөгө коюуга, менчикке өткөрүп берүүгө тыюу салынган. Эми бул мыйзам жок кылынгандан кийин Токтогул каскады өзгөчө статуска ээ болот дагы, ошол ээ болгондор президенттин жардыгы менен же өкмөттүн чечими менен Жогорку Кеңештин ратификациясы жок эле менчик өзгөчөлүккө ээ болуп калышы, же карызга кетиши, же Бишкек ТЭЦи сыяктуу күрөөгө коюлуп калышы мүмкүн.

Кыргызстандын келечегин аныктай турган мына ушундай обьектилердин тагдыры орой-чарай чечилбесе, мурдагы катачылыктар кайра кайталанышы толук ыктымал, дешет укук коргоочулар. Ошондуктан, алар бийликтен буга чейин алынган 300 миллион долларлык энергокредиттерге мамлекеттик жана атуулдук аудит жүргүзүүнү талап кылышууда:

- Улуттук энергетикалык жаңы программаны алышса, ага коомдук экспертиза сөзсүз керек,- деди “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова бийлик бул маселеге элдин кызыкчылыгынан карап чечпесе, Тажикстандагыдай энергетика коогалаңы келиши толук ыктымал дейт. Ал ошондой эле азыркы бийликке ишеним жогун белгиледи:

- Биз буларга ишенбейбиз. Буга чейин канча реформа болду, канча акча түштү. Ошонун баарын булар натыйжалуу пайдаланышкан жок да.

Укук коргоочулардын мындай тынчсыздануусун парламенттин Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Муратбек Жураев колдоду:

- Кыргызстандын келечегин ойлогондо менчиктештирүү керек. Бирок кепилдик болушу керек, ачык болушу керек. Мына Кумтөрдөй, Кант цемент-шифер заводундай сатып коюп, анан аркасынан чуркап жүрбөгүдөй болушубуз керек. Ким алат, кандай шарттар менен алат, ошонун баары айкын болушу керек.

Ошентип, Жогорку Кеңеш бейшембиде энергетика тармагына байланышкан мыйзам долбоорлорун жалпы жыйында кароого киришет. Өкмөт энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жалгыз жолун менчиктештирүүдөн көрүп, аны ишке ашыруу үчүн негизги төрт мыйзамды кабыл алып берүүнү сурап парламентке кайрылган.