КУРОРТ БАШКАРМАСЫНА КАРШЫ КОЗГОЛГОН ИШТЕР СОТКО АШТЫ

Маектешкен Рита Нурмамбет кызы, Ысыккөл Кыргызстандагы Профсоюз жана Курорт башкармасы Ысыккөл --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/7DBF8303-05E4-473F-8B7A-29043FE036C9.asp жээгиндеги “Алатоо” эс алуу жайынан мамлекеттик чиновниктерге жер бөлүп бергени боюнча түрдүү пикирлер тараган эле. Мындай кептердин чын-бышыгын билүү максатында Ысыккөлдөгү кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызы “Кыргыз курорт” кеңешинин башчысы Клара Шаболотованы сөзгө тарткан.
-Клара айым, Кыргызстандын профсоюз тармагын бир топ жылдан бери чоюп келген Бозгунбаевдин ишмердүүлүгүнө сын койгон көптөгөн маалыматтар буга чейин байма-бай ачыкталып келген эле. Бирок ал киши негедир кайра эле кызматына отурчу. Бул жолу ага коюлган кинелер сот аркылуу такталганы атканы да айтылууда. Бир айга чукулураак ал киши жумушунан чететтилиптир. Бул суроону ал кишиге бербей сизге берип атканыбыздын себеби буга чейин чогуу иштеп келдиңер.

-Мен 43 жыл иштесем, бул бала Москвадан окуусун бүтүп келгенден кийин эле бизге келип иштеп калды. Бул бала эмгекчил.

-”Ичип-жеди, профсоюзду аябай пайдаланды” деп жатышат?

-Ичип-жей турган өйдө жакта отурса, ылдый жакта курорт кеңешин мен тейлеп атсам, туристтик кеңешти Темиралиев тейлеп атса, кантип ичип-жейт?

-Мындай маалымат тарап кетпедиби, Бозгунбаев, Клара Шакировна “Алатоо” эс алуу жайынын ичинен Чолпон Баекова баш болуп жер бөлүп алган, анан коттедждер сатылып атат, деп?

-Жок, профсоюзда совет чечет. Бул профсоюздуку эмес, бүт профсоюз мүчөлөрүнүкү, анын ичинде сеники да бар. Анан аны кайсы профсоюз алат, кантип Бозгунбаев алат? Ошон үчүн ал “Алатоонун” жери азыр 31 гектар, ал жерден бир киши эч нерсе алган жок.

-Ошонун ичинде кызматкерлер да үйдө жашабай жер алабыз деп бир топ көтөрүлбөдүбү?

-Жатаканабыз бар, жашаса ал жерде жашашат.

-Мурда Союз убагында “Алатоо” эс алуу жайынын чыга беришинде жолдун маңдайында атайын үй курганга жер берилиптир, мурдагы жетекчи Сартов алыптыр дагы, калганын башка бирөөлөр алган, деген маалымат бар?

-Ал кезекте элдин баары жер алыптыр, Сартов да алса керек. Себеби азыр баласы жашап атат. “Алатоону” оңдогон ошол. Андан кийинкилер эч нерсе жасай элек.

-Ичинен жер сатылышы мүмкүнбү?

-Жок, ичинен жер сатылбайт. Биз ичине азыр инвестор табышыбыз керек. Эгерде бош жерибизди инвесторлор алып, анын ордуна бизге имарат, коттедждерди тургузса, анда биз макулбуз.

-Маегиңизге ырахмат.

P.S. Бул маек эфирге даярдалып калганда Кыргыз курорт башчысынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, сот иши болоорун Ысыккөл райондук сотунун төрагасы Рахимжан Аскаров маалымдады.