МАМДУМА ПУТИНДИ ОРУСИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫГЫНА БЕКИТТИ

Муса Мураталиев, Москва Мамдумада бүгүн Орусиянын премьер-министрлик кызматына мурдагы президент Владимир Путинди --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/BF9EE59D-0166-463A-92F7-560DE1997CDD.ASP бекитти. Жаңы өкмөт башчыны 392 депутат колдоп, 56 депутат каршы добуш берди.
Путиндин талапкердигин, кечээ, 7-майда инаугурациясы өткөн президент Дмитрий Медведев сунуштаган. Бүгүн ал Мамдумада Путиндин талапкердигин колдоп кыскача сөз сүйлөдү. Кечээ фракциялар тобу менен жолукканда Путинди колдойбуз деп бийликчил «Бирдиктү Орусия» партиясы, ЛДПР жана «Адилет Орусия» партиялары убада кылышкан. Орусиялык КПРФ депутаттары каршы болушмак, добуш берүүнүн жыйынтыгы да ошондой чыккан.

Бүгүн болсо Төмөнкү палатанын кезексиз олтуруму ачылып, анда Медведев депутаттар алдында талапкерди тааныштыруу жоросун жасады. Ал өзүнүн беш мүнөттүк сөзүндө: «биздин кызматташтыгыбыз, тандемибиз мындан ары да чыңдала берет» - деп Путинге карата болгон мамилесинин бекемдигин билдирди.

Мамдумадагы 450 орунду ээлешкен төрт фракциянын депуттары советтик кездегидей талапкердин сөзүн улам кол чабуулар менен коштоп угушту.



Премьер-министрдин бекий тургандыгы күн мурунтан белгилүү болсо да ар бир фракциядан кеп алып, жарыш сөзгө чыгуу жана «Бирдиктүү Орусиядан» башка фракциялардан экиден суроо берүү болду. Отурумду мамлекеттик сыналгы тартып көргөзүп турду.

Былтыр, жыл этегинде, ал кездеги президент Путин мураскорум деп Медведевди атаганда, ал өз кезегинде “мен мамлекетке башчысы болуп шайлансам, сиз өкмөт башчы болуп бериңиз” деп Путинге кайрылган. Мына эми бул убада иш жүзүнө ашып отурат.

Жеринен көнүк тартипке ылайык Төмөнкү палатанын депутаттарынын жарымы, 226 депутат, колдоп чыкса талапкер Орусияга өкмөт башчы болуп калат. Бул жолу Путиндин талапкердигин бекитүүдө бир гана фракция - Коммунисттер ага каршы добуш бере алышкан. Анын себебин «Азаттыкка» депутат Олег Смолин мындайча чечмеледи:

-Владимир Путиндин көпчүлүкө таанымал саясий лидер экенин моюнубузга алабыз, бирок бул жерде биз жакшы көргөндүгүбүз үчүн эле колдоп жибербешибиз керек.

Отурум аягында Владимир Путин жаңы түзүлүп аткан өкмөттүн алдында турган маселелерди айгинелеген сөз сүйлөп, мыйзам чыгаруучулардын айрым бир суроолоруна жооп берип келип, сөзүнүн аягында:

-Силердин кабылдаган чечимиңиздер үчүн ыраазылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Мен муну мага карата жасалган дагы бир ишеним гана эмес - бул биздин стратегиялык маселелер үчүн болгон колдоо деп эсептеймин.

Владимир Путин 1999-жылдын август айынан тартып, 2000-жылдын март айына чейин өкмөт башчы болгон.