ГРУЗИЯ: ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛООДО ЧОҢ УТУШКА ЖЕТИШТИ, БИРОК АНДАН КӨПТҮ УТТУРУУДА

Грузиядагы парламенттик шайлоо оппозициянын нааразылыгы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9579D97B-C942-44DB-B297-DB11E75501D7.ASP менен коштолду. Алар жаңы парламенттеги орундарынан баш тартып жатышат. Оппозициянын оң миңдеген жактоочуларынын катышуусунда шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирилген алгачкы акция ушул дүйшөмбү күнү өттү. Анда бийликке шайлоонун жараксыз деп табуу, жаңы парламентти таратуу талаптары коюлду. 21-майдагы шайлоонун жыйынтыгында, 150 депутаттан туруучу парламенттеги 120 орунду президент Михаил Саакашвилинин партиясы алган эле. Демек грузин президенти бул шайлоодо чоң утушка ээ болду, бирок уттурганы андан көп эмеспи?
Михаил Саакашвилинин быйыл январда эле президенттикке кайра шайлануусу бир катар мыйзам бузуулардын аркасында камсыздалды деген ырастоолор менен коштолгон эле. Андыктан ал парламенттик шайлоонун эркин жана адилет дегенден төмөн баа алышы өлкөнүн НАТОго кирүү мүдөөсү, Батыш Абхазия, Орусиядан коргонуу маселесинде колдоосу, мекени менен чет өлкөдөгү демократ деген репутациясы үчүн кандай кунга турарын абдан жакшы билчү.

Ошол эле учурда Саакашвили Бириккен Улуттук кыймыл партисынын шайлоодо толук жеңишине муктаж эле. Эгер чачыранды болбосо, жигердүү оппозициянын өсүп чыгышы биринчи ирээт Саакашвилинин бийликти сактап каларынан күмөн-саноону жарата баштаган. Былтыр ноябрда оппозициянын демонстрациясын күч менен басканы үчүн эл аралык жемеге кабылган Саакашвили алар үчүн да парламентте орун калтырууну көздөгөн, бирок өз партиясынын жана анын программасынын эсебинен эмес.

Ал чиновниктерди шайлоо жыйынтыгын фальсификациялабоого, шайлоочуларды коркутпоого жана демократиялык жараянга кийлигишпөөгө абдан эле чакыргандай болгон. Анткен менен шайлоочулардын кысымга кабылганы жөнүндөгү ырастоолор атүгүл добуш берүүгө чейин эле айтыла баштады.

Маселен баласы полициянын камагына түшүп калган тбилисилик бир аялдын ырастоосунда, жергиликтүү бийликтер ага эгер Бириккен Улуттук кыймылдын пайдасы үчүн 1500 добуш чогулта алса, баласын бошоторун айтышкан.

Грузиянын батышындагы Сахаре аймагынан бир мектеп директору ага жана башка кесиптештерине мугалимдер менен ата-энелерди башкаруучу партияга добуш берүүгө моблизациялоосу үчүн кысым көргөзүлгөнүн айтып, ачык кат жарыялады. Ал эми өлкөнүн чыгышындагы Квемо Картли аймагынан мобилдик телефонго тартылган видео шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жарандар менен добуш берүүчү кабинага кошо кирип жатканын документтештирип калган. Бул видео кийин грузин телесинен көргөзүлдү.

Жогорудагылар конкреттүү бир жерге эле мүнөздүү көрүнүш эмес. Ушул сындуу окуялар жөнүндөгү маалыматтар бүткүл өлкө боюнча кабарланып жатты. Жеринде шайлоого катышкан байкоочулар жана "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчылары тарабынан ырасталды.

Демек эмне болду, эмне үчүн грузин бийликтери шайлоого мынчалык кийлигишүүнү улантышууда? Тилекке каршы Грузия сыяктуу жаш демократияда, антидемократиялык адаттардын унутулушу оңой эмес өңдөнөт.

Өлкө президентинин демократиялык жараянды табихый нукта кетирүү тууралуу эл алдындагы көрсөтмөсүнө карабай, жергиликтүү бийликтин көпчүлүк өкүлдөрү башкаруучу партиянын пайдасы үчүн болгон күч-аракетин үрөгөндөй. Балким алар Саакашвилинин көрсөтмөсүн тескерисинче түшүнүшкөн, балким жогорудагыдай жүрүм-турум алардын канына сиңип калган.

Ал эми шайлоо алдындагы абал акыркы жыйынтыкка кандай таасир этти? Ушул жерде трагедия бардай. Коомдук пикирди сурамжылоонун ишенимдүү булактары Бириккен Улуттук кыймыл партиясы өзү үчүн ыңгайлуу жана адилет жеңишти камсыздай аларын көргөзгөн. Балким алар акыр аягында жетишкендей, орундардын үчтөн экиси же конституциялык көпчүлүк эмес, бирок ишенимдүү жеңиш болмок. Жашыруун будамайлоо аракеттери талап кылынган эмес. Мындай жыйынтыкты оппозициянын шайлоону чачыранды болуп киргени да ырастап турган.

Өкмөткө каршы саясий топтордун эң ириси - Бириккен оппозицияда албуутанып, Саакашвилини президенттиктен кетирүүгө чакыруудан башка, борбордук программа болгон эмес. Реалдуу саясий альтернатива түзгөндүн ордуна, Бириккен оппозиция менен катар Лейбористтик партия, Республикалык партия шайлоө өнөктүгүнүн көбүн ич-ара айыптоолорго коротту.

Ал эми Бириккен оппозициянын лидерлери Давид Гамкрелидзе менен Леван Гачечиладзе алардын жеңе албай калышы – добуш берүүнү бурмалоонун далили экенин күн мурунтан айтуу менен шайлоону дисскредитациялоо үчүн болгон күч кубатын жумшашты. Бул убадасында алар ийгиликке жете алышты. Оппозициянын башка лидерлери менен бирдикте жаңы парламентке кирберин эскертишүүдө. Ушул дүйшөмбү күнү Тбилисиде оппозициянын он миңдеген жактоочулары шайлоодон кийинки алгачкы демонстрациясын өткөрүштү.

Алар балким буга шайлоо бөлөк жыйынтык менен аяктаганда деле барышмак. Бирок шайлоочулар коркутууга кабылгандыгы боюнча фактылардын жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар тарабынан жакшы документтештирилиши эч кимди укпай турган оппозициянын аракеттерине, алар өздөрү буга арзыбаганына карабай, кандайдыр бир мыйзамдуулук берүүдө.

Демек Грузия өзүнүн мурдагы кейпина: ич ара айыптоолордун уланышына, бир эле орунда бөгөлүүгө, аягы эмне болорун айта алгыдай постсоветтик хаоско кайтууда.

Эл аралык байкоочулар, добуштардын бурмалангандыгы жөнүндөгү ачуу сөздөргө карабай, бул шайлоо мурдагылардан, анын ичинде январдагы президенттик шайлоодон кыйла алдыга жылгандык экенин, оң жакка оңолгонун белгилешти. Айрымдары атүгүл Грузиянын тарыхындагы эң таза шайлоо экенин кыйытышты.

Бирок Батыш демократиясынын элиталык тобуна сөз эле эмес, иш жүзүндө кошулууну мүдөө кылган өлкө үчүн бул жетишсиздик кылат. Шайлоодо жаркырап көрүнүүгө жалгыз эле президент Михаил Саакшвили эмес, бүткүл Грузия муктаж эле.