МАКЕДОНИЯ: ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ОК АТЫШУУЛАР МЕНЕН КОШТОЛДУ

Амирбек Усманов, Прага Македонияда 1- июнда болгон кезексиз парламенттик шайлоодо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/26D2FF88-1A14-4D7C-820D-F9E0A610F755.asp Никола Груевски башындагы консервативдүү партия чоң жеңишке жетти. Бирок шайлоо республиканын албан калктуу аймактарында куралдуу кагылышуулар, мыйзам бузуулар менен коштолду: бир адам окко учту, тогуз киши жарадар болду. Ошондон улам 22 шайлоо участогунда добуш берүүлөр токтотулуп, эми кайра шайлоо өткөрүлөт. Албандар Македониянын калкынын төрттөн бирин түзөт.
Борборшайлооком бюллетендердин 97 проценти эсептелгенден кийин Груевски башындагы башкаруучу партия 48 проценттен көп добуш алганын маалымдады. Премьер- министр Груевски башындагы блокко (ВМПРО-ДПМНЕ) Ички Македония революциячыл уюму жана Македон улуттук биримдиги демократтык партиясы кирет. Оппозициядагы социал- демократтык партия 23 процент, ал эми Албан демократтык биримдиги жана Албандардын демпартиясынын ар бири 11 проценттин тегерегинде добуш алышкан. Атаандаш албан партиялары ортосунда чыккан араздашуулардан улам 22 шайлоо участкасында кайра шайлоо өткөрүлөт.

Албан партиялары арасындагы каршылашуу 2006- жылкы парламенттик шайлоодо Албандардын демократтык биримдиги-АДБ Груевски башындагы коалициядан чыгып, анын ордун атаандашы- Албандардын демпартиясы-АДП ээлегенден кийин башталган. АДБнын лидери Али Ахмети 1- июндагы калабадан соң анын партиясы 7 муниципалитеттеги добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбасын билдирип, полицияны каршылаш партияны колдоду деп күнөөлөдү:

-Береги криминалдык топторду полиция менен бийлик бутактары колдоду. Ошон үчүн, калаба үчүн жоопкерчиликтен өкмөт кача албайт.

Премьер- министр Никола Грушевски да 1- июнда өзү башындагы башкаруучу блоктун жеңишин жарыялап жатып, добуш берүү айрым калпыстыктар менен өткөнүн мойнуна алды:

-Биз эми Македониянын кайра төрөлүүсү уланууда деп айта алабыз. Көпчүлүк шайлооканаларда добуш берүү адилет жана демократиялуу өттү. Тилекке каршы, кээ бир аймактарда калаба жана айрым мыйзамсыздыктар болду.

Македонияда парламенттик шайлоо 2010- жылы өткөрүлмөк. Ошон үчүн байкоочулар эл арасында өтө популярдуу Груевски учурдан пайдаланып, бийлигин дагы төрт жылга узартып алганын айтышууда. Серепчилердин пикиринче, башкаруучу партиянын жеңиши көпчүлүк элдин Грекияга болгон нааразылыгын да чагылдырат.

Апрелде Бухаррестте өткөн саммитте Грекия Македониянын НАТОго кошулуусуна каршы чыккан. Кайсы бир өлкөнү НАТОго кабыл алуу үчүн уюмдун бардык мүчөлөрүнүн макулдугу зарыл. Андыктан, Македониянын НАТОго кошулуулусу Грекиянын ыкласына байланыштуу болуп турат.

Грекиянын Түндүк Чыгышында да «Македония» деген область бар. Ырасмий Афины мурдакы югославиянын курамынан бөлүнүп чыккан Македония келечекте Грекиянын жерине ээ чыгат деп шектенип, Скопьеден өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү талап кылып жүрөт. Бийликтеги партия буга макул эмес.