ВАШИНГТОНДО АДАМЗАТЫНЫН КОСМОСТУК КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ушул күндөрү Кошмо Штаттарында ааламды изилдөөгө жана пайдаланууга арналган конференция аяктады. Космосту --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/05/C8C76DC2-6754-4FE6-B4F3-B6A46C727608.asp изилдөөнү өркүндөтүүнү максат кылган эл аралык “Улуттук Аалам " коому уюштурган бул жыйында космосту изилдөөнүн зарылдыгы жана анын чыгымдары кеңири талкууга алынды. Ал тургай космос шаарчасынын үлгүсү боюнча конкурс болуп, анда индиялык дизайнерлер жана болгариялык мектеп окуучулар тобу башкы сыйлыктарды жеңип алышты.
Орустардын атактуу окумуштуусу Константин Циалковский убагында "Жер шары - адамзатынын бешиги, бир күнү ал бешиктен чыгышыбыз керек болот" деп айткан. Анын сыңарындай, АКШнын баш калаасында өткөн жыйындын багыттоочу идеясы "адам баласынын келечеги Жер шары менен чектелбейт"деген ишеним болду.

«Азаттыктын» Вашингтондогу кабарчысы Тейлор Динерман буларды айтат:

-Быйыл "Улуттук аалам» коому 27-жолу уюштуруп жаткан эл аралык жылдык жыйынына дүйнөнүн булуң-бурчунан 1 миңден ашык делегат катышты. Бул коомдун ишениминде, Жерден тышкары жакта да адамзаты Жердегидей эле бакыбат жашап кете алат жана космостун байлыктарын адам баласынын турмушун олуттуу түрдө жакшыртуу үчүн колдонуу мүмкүн.

Жер шарын таштап, бөлөк планеталарга көчүп кетүүгө канча киши даяр экени өзүнчө маселе. Бирок космосту изилдеп, анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда эң башкы көйгөй - мындай иштердин өтө эле кымбаттыгында болуп жатат.

Мисалы Жердин орбитасына атайын ракета жайгаштырып, ал күндүн энергиясын электр энергиясына айландырып алуу мүмкүн. Эгер андан жетиштүү энергия өндүрүлсө, күйүүчү майдын кымбаттыгы жана мунай, көмүрдү күйгүзгөндөн Жер абасынын ысышы сыяктуу өтө актуалдуу проблемаларды чече алмакпыз.

Бирок космоско бир килограмм жүк жеткирүү үчүн 30 миң доллар чыгым болобуз. Ошондуктан, азыр космоско чыгуунун чыгымдарын азайтуу боюнча иштер жүрүүдө. Мисалы "Спейс-екс" өңдөнгөн фирмалар атайын ракеталар менен тажрыйбаларды жүргүзүшүүдө.

Каражат топтоо жаатында, космос туризми да тыгынчык болмок. Өткөн жылдары Жердин орбитасында турган Эл аралык Космос бекетине 20 миллион доллардан төлөп, беш турист келип кетти. Алардын экөө - окумуштуу ишкер Грег Олсен жана космоско акы төлөп учкан биринчи аял Ануше Ансари - Вашингтон конференциясында чыгып сүйлөштү. Алар өз максаттарынын бири илимди жана технологияларды окууга жаштарды көбүрөөк кызыктыруу экендигин жашырышкан жок.

Космоско болгон кызыгуу өнүгүп келаткан өлкөлөрдө да жогору экендиги Космос шаарчасынын макетин жасоо боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгынан айгине болду. Башкы сыйлыктардын бирин алган болгариялык окуучулар мугалими Весела Радева менен бирдикте мындай шаарчаны курууда анын экономикалык, коомдук жана саясий аспектилеринен бери эске алышыптыр.

-Балким биздин галактикада гана эмес, бүт аалам боюнча бир гана биздин Жерде жашоо бардыр, - деп белгилейт Динерман. Эгер андай болсо, азырынча күн системасынын чегинде болсо да, шаарчаларды куруп, космосту коргоого алган максатка ылайык болот.

Түбөлүк сезилген күндүн нуру чындыгында түбөлүк эмес экени маалым. Бир күнү бул жылдыз жарылып, өчкөндөн кийин, Жер шарында жашоо мүмкүн болбой калат. Вашингтон конференциясында чыгып сүйлөгөн АКШ армиясынын лейтенант полковниги Пит Гаретсон ушуга байланыштуу адам баласы тукум курут болуп кетпеши үчүн галактиканы багындыруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Экологиялык аң-сезим өсүп-өнгөн бүгүнкү шартта Жер планетасын талкалагандай, космоско да эксплуататорлук мамиле кылбастан, ага аяр мамиле жасоо зарыл экендигин албетте көпчүлүк жакшы түшүнөт. Анын үстүнө бул милдетти аркалоога убакыт да жетиштүү. Муну Пит Гаретсондун лекциясынын "Өмүр, эркиндик жана бакты-таалайга жетүүнүн миллиард жылдык планы" деген аталышы да айгинелейт.