ДОСТОР МЕНЕН ЧОГУУ ТАМЕКИ ТАШТОО ЖЕҢИЛ

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Тамеки тартуу адатыңыздан арыла албай жүрөсүзбү? Анда оболу досторуңузду тамеки чегүүнү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/0299C04D-D26F-41C2-981C-87AD8DDCAEFA.asp таштоого көндүрүңүз. Ошондо сиздин аракеттериңиз алда канча натыйжалуу болот. Мындай тыянакты жакында эле АКШдагы Гарвард университетинин окумуштуулары изилдеп аныктап чыгышты.
Окумуштуулар 30 жыл ичинде он эки миңдей адамга иликтөө жүргүзүп, кишилердин аары же кумурскалар сыяктуу эле жамаатташып аракеттенүүсү натыйжалуу болоорун аныкташкан. Гарвард университетинин илимпоздору “Англиянын Жаңы Медицина Журналына” (The New England Journal of Medicine) жарыялаган соңку макалага ылайык, чылымчы адамдар тамеки чеккенди да топтошуп токтоткондо жалгыздап чылым чегүүдөн баш тартканга караганда алда канча майнаптуу болоору айгинеленди.

Негизинен тамеки чегүү өнөкөтү жакын адамдардын, тели-теңтуштун же чоочун кишилердин таасири астында пайда болчу көрүнүш. Эгерде сиздин жубайыңыз же шеригиңиз тамеки чеккенди таштаса, анда сиздин да чылым чегүүнү улантуу мүмкүнчүлүгүңүз 67 пайызга азаят. Атүгүл сизге алысыраак таанышыңыз, айталы, досуңуз же кесиптешиңиз тамекини таштаса, анда сиздин деле чылым чегүү өнөкөтүңүз дээрлик 34-36 пайызга төмөндөйт. Окумуштуулар чылым чеккенден арылган адамдын курбуларынын жана алардын досторунун чөйрөсүндө да тамеки чекпей калуу ыктымалдыгы жогорулай баштаарын белгилешет.

Бул иликтөөнүн авторлорунун бири, Гарвард Медицина Мектебинин өкүлү Николас Кристакис (Nicholas Christakis) мындай жамааттык мамилени үйүр-үйүр болуп учкан куштардын дүйнөсү менен салыштырат: мындай учурда жалгыз куш башкалардан бөлүнүп, өзү каалаган тарабына бурулуп учуп кете албайт, себеби куштардын жалпы тобу гана тиешелүү тарапка багыт алууга тийиш.

Чогуу-чаран, жамаатташып иш алып барууну бардык эле кишилерге таандык көрүнүш катары жалпылоо да туура эмес болоор эле. Иликтөөгө тартылган айрым адамдар, маселен, жанында канча адам чылымдан баш тартканына карабастан тамекини булатууну уланта беришкен. Адатта мындай кишилер бара-бара башка кишилерден обочолоно баштаарын да иликтөөчүлөр белгилешет.

Тамеки чегүүгө олуттуу таасир эткен дагы бир жагдай – бул билимдүүлүк. Чылым таштаган адамдын билими канчалык жогору болсо, аны тегерегиндегилер ошончолук көбүрөөк ээрчишет, дешет окумуштуулар.