ТАЛАС ТЕЛЕРАДИО КОМПАНИЯСЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Талас телерадио компаниясы өкмөт тараптан жакшы каржыланбай, жаңы техникаларга муктаж. Таластан теле берүүлөрдү жергиликтүү тургундардын көбү көрө алышпайт.
Алгач телекөрүүчүлөрдүн пикирин угуу үчүн чакан сурамжылоо жүргүздүк. Дегеле Талас телекомпаниясынын берүүлөрүн элдер көрүшөбү, сапатын кандай баамдашат деген сыяктуу суроолор менен айрым жарандарга кайрылып көрдүк:

- Атым Анара. Талас телевидениеси элдин телеси эмес, ал чоңдордун, губернатордун эле телевидениеси. Ошолорду эле көрсөтөт.

- Нусубалиев Алгазы, Жергетал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп эмгектенем. Туура суроо болуп атат. Себеби Талас телевидениеси көбүнчө күндүз берилип аткандыктан, көптөгөн биздин облустук аймакта жашаган атуулдар көрбөй калып атат. Себеби азыр жайкы убакта элдин баары талаада. Ошондуктан эфирден убакыт таап туруп, УТРК менен сүйлөшүп туруп, кечкиге бир убакыт бөлдүрүп алса өзүбүздүн аймакта болуп аткан жаңылыктар, окуялар менен эл кененирээк таанышат элек деген ойдомун.

Талас облусунда Талас радиосу 1981-жылы ачылып, биринчи жолу 1960-жылкы техникалар менен эфирге чыга баштаган. Ал эми теле компания 1992-жылы 29-декабрда түптөлүп бүтүп, биринчи телеберүүлөрүн элге тартуулашкан. Талас телерадио компаниясынын башкы редактору, Талас радиосунда алгачкылардан болуп иштеп келе жаткан Насипа Болотова радионун техникалары азыркы тапка чейин жаңыртылбай, ушул жылдын башында эфир толук токтогонун “Азаттыкка” айтып, Талас радиосу кайрадан жанданат деген үмүттө:

- Мындай техникалар азыр музейде гана турса жарашмак. Баатырдык менен эфирге чыгарып келгенбиз буга чейин, эми 27 жыл тарыхы бар Талас радиосу ушул кезде шаңшыбай калганы көп угармандарды кейитип келет.

Бишкектен УТРКдан Талас телерадио компаниясына компаниянын телеберүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу максатында 3 айлык мөөнөт менен атайын өкүлдөр жөнөтүлгөн. Алардын максаты Талас телерадио компаниянын чыгармачылык жааматын окутуп, үйрөтүү болуп саналат.

Өзүнүн билими менен бөлүшүп жаткан жаш журналист, УТРКда Алатоо аймактарынын кабарчысы Айнура Жамгырчиева Талас телерадио компаниясынын техникалары жетишпегени аз келгенсип, тиешелүү деңгээлде иштеген кадрлардын жоктугу кендирди кесип келүүдө дейт:

- Техникалык базасы абдан начар экен. Экинчиден, кадр маселеси, үчүнчүдөн чыгармачылык жагы абдан төмөн деңгээлде десем болот.

Талас телерадио компаниянын жаңы дайындалган жетекчиси Бурмагүл Чабдарова жакшы иштеген жаш кадрларды аймактарда кармап калуу оорчулукка тургандыгын айтууда:

- Жаш кадрларга стимул, финансылык колдоо керек болот экен. Андай мүмкүнчүлүк, шарт азырынча жергиликтүү компаниянын абалында жок болуп жатат.

Бурмагүл Чабдарова дагы Таласка берилген эфирдин убактысы көрүүчүлөргө ыңгайсыз болуп жаткандыгын айтты. Демек кадрларды кармап калыш үчүн кайрадан эле келип маселе акча каражатка такалат. 2006-жылдын 19-январында жергиликтүү телерадио компаниялар республикалык бюджетке которулсун деген президенттин атайын жарлыгы чыккан. Бирок ал азырынча кагаз жүзүндө эле калып, ишке аша элек. Бүгүнкү учурда Талас телерадио компаниясында 26 киши эмгектенип келет. Талас телекөрсөтүүсү ар жуманын экинчи күнү эртең менен тогуздан онго чейин жана жекшемби күнү түнкү саат он экиден түнкү бирге чейин көрсөтүлөт.