ГУБЕРНАТОРЛОРДУ ЭЛДИН ШАЙЛООСУНА «БИРДИКТҮҮ ОРУСИЯ» КАРШЫ

Муса Мураталиев, Москва Мамдуманын төрагасы Борис Грызлов 29-июнда, «Бирдиктүү Орусия» партиясы элдин жер-жерлерде губернаторлорду шайлоосуна каршы экенин билдирди. Мурда агенттиктер маалымдагандай, 16-июнь күнү Бүткүл дүйнөлүк орусиялык маалымат каражаттарынын конгессинде чыгып сүйлөп, Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев кайрадан губернаторлорду элдин өзү шайлоого өтүү зарыл деген. Ал сунушту кийин Башкырстан президенти Муртаза Рахимов колдоп чыккан. Жекшемби күнү «Бирдиктүү Орусия» партиясынын башкы кеңешинин төрагасы Грызлов айткан пикирди, РИА «Новости» жазганга караганда, Мамдумада көптүк орунду ээлешкен ал партия мүчөлөрү колдойт жана Шаймиевдин жеке пикирине алар кошулушпайт.
Журналистер алдында бийлик партиясынын жетекчиси, анын эле өзү, Мамлекеттик Думанын төрагасы Грызлов ал жерде: «Биз ушунча жылдар аракет кылып, бийликти ылдыйдан өйдөнү карай башкаруу тартибин киргизгенбиз. Эми аны жоюп салыш жарабаган иш»,- деген.

Анализчилер арасы болсо бийликтин айтканын кылган партияны 16-июнда Татарстан жумуриятынын президенти айткан кычык кепке ушинтип жооп берди дешет. Ал жолу Шаймиев, «Азыркы тушта аймактык бийлик ээлери губернаторлорду жогорудан дайындоо мага жакпайт. Жер-жерлердеги мыйзам чыгаруучу органдарды Орусиялык президенттин таркатууга укуктуу болушу да туура эмес. Ошондуктан аймактардын жетекчилерин элдин өзү тандоосуна кайра келишибиз керек. Дагы бир маселе – жумуриятардагы президенттик орундарды коюу же жоюу аймактардын укугу, аны чечүүдө Москва ага кийлигишпегени тура»,- деген.

2004-жылдын этегинен тартып ал кездеги президент Владимир Путиндин сунушу менен губернаторлорду Кремль көрсөтүп, аларды жер-жерлердеги мыйзам органдары бекитип калган. Кайсы бир анализчилер азыр Кремль өлкөдө бир гана президент болушун калайт, ошол себептен, жумурияттык президенттерди жоюу башталды дешет.

Агенттиктер маалымдашынча, 2005-жылдын феврал айынан бери өлкөдөгү 83 аймактын 30 жетекчиси Кремл сунушу менен кайра дайындалган. Улуттук стартегия боюнча Кеңештин башчысы Валерий Хомякоав айтканга караганда кезегинде президент Борис Ельциндин: «эркиндикти каалашыңарча алгыла, биздин держава 20 президенттин өлкөсүнө айлансын» деген мурас кеби азыркы тушта суу кечпей калган. Бийлик партиясынан шайланган депутат, саясий талдоочу Сергей Марков айтканга караганда:

- Кезегинде Чеченстан, Татарстан, Тува жана башка субъектер өздөрүн эгемендүбүз деп жарыялашкан. Азыр болсо, бийлик сунуш кылучу мамлекеттик түзүлүш – парламенттик жумуриятка окшош. Мунун айырмасы бар бийлик бир кландын колунда болот.

Бийликтин жумуриятык түзүлүштү жоюуга бет алганын азыркы стратегия институтунун президенти Владимир Лысенко айтат:

«Кремл үчүн абдан бай Башкортстан, Татарстан жумурияттардан баштоо керек. Алдардан соң башка жумуриятарга кезек келет»,- дейт.

Жогорку палатанын төрагасы, «Адилет Орусия» партиясынын жетекчиси Сергей Миронов 25-июн күнү, REGNUM агенттигине айткан жообунда «губернаторлорду эл шайлашына кайтадан өтүүгө али эрте»,- деген.