М.КАДЫРКУЛОВ: МЕНИ КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТҮҮ НАРЫН МЭРИНИН ШАЙЛООСУНА БАЙЛАНЫШТУУ

Маектешкен Күмөндөр Усуптегин, Нарын 17-сентябрда Нарын облустук шайлоо комиссиянын төрагасы Мырзабек Кадыркулов кызматтан бошотулду. Ал өзүнүн кызматтан алынышын жакындап келе жаткан шайлоонун саясий оюну катары баалап, БШКнын кадыр баркы төмөн деп билдирди. Мырзабек Кадыркулов “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү кабарчысына учурдагы кырдаал тууралуу атайын маек куруп берди.
- Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Кудайберген Базарбаев баштаган топ келип, мени убактылуу кызматтан четтетип, менин ордума Майрам Тиленчиеваны убактылуу кызматка коюп кетти. Бул кызматтан мени чететтүү кечээки 16-сентябрда өткөн Нарын шаарынын мэринин шайлоосуна байланыштуу. Бул мага саясий коюлган күнөө. Ал эми техникалык маселелер деп айтышпайбы, техникалык маселе эч качан болгон эмес. Буга чейин шайлоолордун календарлык план менен эмне жумуш жасалса, ошондой жасалып келген. Убагында ачык айтып коюшум керек, шайлоо бюллетендери боюнча маселе деп айтып атышат, булар шайлоо бюллетендерин 1 сом 30 тыйындан алышкан экен. Болгону 70 тыйындан бөлөбүз деди. 70 тыйындан шайлоо бюллетендерин чыгарганга бизде бир дагы типография макул болгон эмес.

- 16-сентярда Нарын шаарынын мэри шайланбай калды, ушул боюнча саясий оюн болуп кетти деп атасыңар. Бул жерде кандай процедура бар?

- Бул жерде Нарын шаарынын мэрлигине талапкер Боогачиев Бейшенаалы үчүн депутаттардын 12си макул, 15 каршы деген добуш беришкен. Ошол эле жерден жыйындар залынан бюллетенди алып мэрдин кабинетине кирип кетишти. Кирсек эле ачыктан ачык эле, жасайсыңар, бюллетендер даяр, өткөрөсүңөр деди. Мен эч убакта мындайга барбайм дедим. Бюллетендерди даярдап коюшкан экен. Кечээ эгер мен ошол жерде туура эмес кадамга барып койсом облуста оор абал түзүлүп калмак. Мен бул кадамымды эң туура деп эсептейм.

- Облустук шайлоо комиссиясынын дарегине техникалык иштер аткарылган эмес, округдарды түзүүдө дагы калпыстыктар кеткен, бюллетень даяр боло элек, бул боюнча эч кандай төрага иш аракет көргөн эмес деген пикирлер айтылууда. Сиз буга макулсузбу?

- Бул жерден айтыш керек, мага техникалык маселелер боюнча бир дагы арыз түшкөн эмес, мен аны аныктап, далилдеп да берем. Мен инфаркт болуп ооруканада жатканда, округдардын схемасын түзүү боюнча иш солгундаганы чындык. Бирок ал кезде мен ооруканада болчумун.

Ошол эле кезде менин мурда иштеп жүргөн жоопту катчымды дагы мага кеңешпестен туруп кызматтан алып койгон. Ошондуктан менин жооптуу катчым дагы, өзүм дагы жаңы болуп башталган иште кичине кыйынчылыктар болгон, аны моюнга алабыз. Бирок бул техникалык маселе болчу, календарлык план менен эч бир маселени үзгүлтүккө учураткан жокмун.

- 5-октябрда шайлоо таза, эл өзүнүн ниети менен добуш берип, ошол добуш бергенге жараша жыйынтык чыгат деп ишенесизби?

- Кыргыз мамлекети ушундай бурмаланган шайлоо, принциби жок нерселер менен кетип отурсак бул мамлекеттин келечеги жок. Ушул жерден БШК облустук администрациядан деңээли төмөн экендигин билгизип койду, өзүнүн реалдуу туруп берген кадрын коргой албай, алардын айтканын аткарып бергени эң өкүнүчтүүсү. Мен бул бийлик турганда, мен булардан эч убакта жакшылык күтпөйм. Бул процесс болмок.

Мен кечээ сурангам, ушул менин биринчи шайлоом экен, мага кийлигишпегилечи, түз тургулачы деп. Ошондо дагы болбой акыры БШКга сунуш жазышып, убактылуу четтетишти. Мен өзүм дагы түшүнбөйм, убактылуу кызматтан алып коюу деген мыйзамга туура келеби, туура келбейби, ушунун мыйзамдуулугун дагы териштирип бер деп жогору жакка кайрылам.