ОРУСИЯЛЫКТАРДЫ КРЕМЛДИН САЯСАТЫ КАНААТТАНДЫРАБЫ?

Кремлдин Грузия менен жаңжалынан кийин Орусияга карата Батыш өлкөлөрүнүн сын пикирлери көбөйгөн эле. Бирок дүйнө коомчулугунун мындай мамилеси Орусиянын өзүндө коомдук пикирге көп деле таасир эткен эмес. Жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, орусиялыктар өлкөнүн тышкы саясатына көп кызыкпастан, “Орусия – кайрадан баш көтөргөн ири дөөлөт (держава)” деген сыймыктуу ишенимде болгондору байкалат.
Август айында Грузия менен Орусиянын ортосундагы согуштук жаңжалдан бери Батыш Орусияга карата кескин сын мамиледе болуп келет.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Москва менен муздай түшкөн мамилелерге токтолуп, Орусия Грузияга карата туруму үчүн эл аралык аброюна доо кетирип алышы ыктымал деп эскерткен.

Британиялык "Financial Times" гезити жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, көпчүлүк европалыктар Иран, Ирак, же Түндүк Кореяга караганда глобалдык коопсуздукка коркунучту Орусия жаратышы мүмкүн деп эсептешет.

Бирок сырткы дүйнөдөгү мындай маалымат Кремлдин Грузияга карата согуштук аракеттерин колдогон Орусиядагы коомдук пикирге көп деле таасир тийгизбеген шекилдүү.

Маскөөлүк карапайым тургундардын айрым пикирлерин угуп көрсөк:

- Менимче, Орусиянын аракеттери абдан туура болду. Алар биздин күчтүү, туура, акыйкатчыл боло аларыбызды көрсөттү. Мен ушундай пикирдемин.

- Азыр Орусия чөгөлөгөн абалынан өөдө тура башташы керек. Өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды коргошубуз үчүн өөдө турууга тийишпиз. Өз өлкөбүздүн патриоту болушубуз керек. Бизде бардыгы телегейи тегиз дегенден алысмын. Бирок ким болсо да ушул өлкөдө жашап жатканына сыймыктануусу керек.

Орусияда жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, коомчулук Советтер Биримдиги урагандан бери алгачкы ирээт өкмөттү көбүрөөк колдогонун көрсөттү.

“Коомдук пикир корунун” иликтөөсүнө таянсак, май айында президенттик кызматка келгенде Дмитрий Медведевди коомдун сурамжылоого катышкан бөлүгүнүн 47 пайызы колдосо, сентябрдын ортосунда бул көрсөткүч 57 пайызды түзгөн. Ал эми премьер-министр Владимир Путинди учурда орусиялыктардын 75 пайызы колдой турганы аныкталган.

Ал эми дагы бир “Левада” сурамжылоо борборунун иликтөөсү орусиялыктардын 67 пайызы АКШга карата терс пикирде болгонун көрсөткөн. Ошол эле учурда аталган борбордун иликтөөсүнө ылайык, орусиялыктардын 45 пайызы батыш европалыктарга карата дурус көз карашта болгону менен, 39 пайызы терс пикирде болгону аныкталган.

Сурамжылоо жүргүзгөн уюмдар көз карандысыз. Бирок карапайым орусиялыктардын көбү маалыматты Кремль көзөмөлдөгөн басма сөз каражаттарынан алаары жана өкмөтчүл басылманын таасири астында калып жаткандыгы да жалпыга белгилүү.

Москвадагы Карнеги Борборунун серепчиси Маша Липмандын айтымында, Орусиянын дурусураак экономикалык абалы жана Грузиядагы кыска мөөнөттүү, ийгиликтүү аяктаган аскердик өнөктүк көпчүлүк атуулдардын көңүлүнө майдай жакты жана алардын сырткы дүйнө менен иши да жок:

- Бул – орусиялыктар үчүн табигый көрүнүш. Орусиянын жаңы күч менен кайра далилдеген сыймыгы жана жашоо шарттын оңолушу – орусиялык жетекчиликке жогорку баа берилишине эриш-аркак огожо болушту. Бул эки жагдайды тең түшүнүүгө болот, алар дүйнөнүн башка бөлүгүндө деле ушундай таасир жаратмак. Менимче, Орусиянын тарыхында азыркыдай жогорураак жашоо шартына ыраазы болгондордун саны буга чейин мынчалык жогору болгон эмес.

1990-жылдардын аягында экономикада бир топ көйгөйлөр болуп, каржылык жана саясий кризис туу чокусуна жеткен.

Патриоттук сезимдерге жана калайыктын бакыбат турмушун калыптандырууга басым жасаган Владимир Путиндин бийликке келиши менен көпчүлүк орусиялыктарда акырындап канааттануу сезими пайда болгону шексиз.

Бирок серепчи Липмандын айтымында, Орусияны алдыда экономикалык кризис тоорушу ыктымал. Дүйнөлүк каржы базарларындагы туруксуздук жана мунайдын баасынын улам өзгөрүшү өлкөдө да азык-түлүккө жана башка тиричилик үчүн зарыл каражаттарга баалардын кескин жогорулашына алып келип, өз кезегинде бул жагдай элдин өкмөткө карата маанайын өзгөртүшү ыктымал, дейт Маша Липман.