АКШ ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕР: ТАЛАШТАН КЫЗМАТКА ЖОЛ

Кошмо Штаттардын президенттиги үчүн ат салышкан эки негизги талапкер кечээ (жума күнү) шайлоо өнөктүгүнүн алкагында сыналгыда бири-бири менен алгачкы жолу талаш-тартыш жүргүзүп, эл аралык саясат жаатында ойлорун ачыкташты. Республикачыл сенатор Жон МакКейн жана демократ сенатор Барак Обама экөө тең Орусиянын Грузиядагы баскынчылыгын айыпташты, бирок Иран жана Ирак жаатында алардын көз караштары кайчы чыкты.
Аризона штатынан сенатор Жон МакКейн (John McCain) менен Иллинойс штатынан сенатор Барак Обама (Barack Obama) сыналгыда обого түз чыккан талкуу учурунда эл аралык бир маселеде гана бирдей пикирде экенин айгинелетишти.

Экөө тең августтун башындагы Орусиянын эгемен Грузиянын аймагына басып киришин кескин сынга алышты.

Маселен, демократ Обаманын оюнча, Кремлдин чакан коңшу өлкөлөргө карата өкүмзордук саясаты терең тынчсыздануу жаратат:

- Соңку бир нече аптада жана соңку айларда болуп өткөн окуяларга сересеп салуу менен, биз Орусияга карата мамилебизди кайрадан карап, жаңыдан баалап чыгышыбыз керек. Анткени кайра жаралып жаткан баскынчыл Орусия аймактагы тынчтык жана туруктуулук үчүн коркунуч түзөт. Алардын Грузиядагы аракеттерин таптакыр кабыл алууга болбойт.

Барак Обаманын оюнча, президент Жорж Буш Орусиянын азыркы өкмөт башчысы, мурдагы президент Владимир Путинге учурунда туура баа бере албай калган.

Ал эми республикачыл Жон МакКейн болсо Путиндин мурдагы КГБда иштеген учурун эске салып, азыркы орус бийлигине төмөнкүдөй терс баасын берди:

- Орусия азыркы тапта мунайзат долларынан азыктанган мамлекет болуп калды. Иш жүзүндө анын өкмөтүн КГБнын аппаратчы аткаминерлери жетектеп турат. Мен Путин мырзанын көзүн карап, андан К, Г, Б деген үч тамганы көрдүм. Орустардын Грузияга баскынчылыгы эс кабыл алгыс жүрүм-турумга жатат.

Иран боюнча кайчы пикирлер

Эки талапкер АКШнын Иранга карата саясаты тууралуу бири-бири менен айтыша кетти.

Барак Обама Ирандын өзөктүк согуш куралдарын өндүрүүсүнө АКШ жол бербеши керек, бирок Иран менен түздөн-түз дипломатиялык байланыш аркылуу ага таасир көрсөтүү абзел деди.

Жон МакКейн болсо Обаманын бул оюн өтө жөнөкөй, ишенчээктик сөз катары баалап, Иран президенти Махмуд Ахмадинежад сыяктуу киши менен бир стол четинде отуруудан оболу төмөнкү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүп, кылдат камылга жасоо керек деп белгиледи.

Вашингтон Иракта туура саясат жүргүздүбү?

Ирак жаатында сөз кылып, МакКейн азыркы өкмөттүн саясаты туура болгонун, Ирактагы АКШ аскерлерин кырдаал опурталдуу болгон маалда 30 миңге чейин жеткирип, Вашингтон бул өлкөдөгү коопсуздук жагдайын чыңдоого жетишкенин айтты.

Барак Обама болсо мындай бүтүмгө макул эместигин билдирип, жергиликтүү Ирак өкмөтү АКШнын аскер күчтөрүнүн санына эмес, оболу өз өлкөсүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө таянышы керектигин айтты:

- Менимче, биз алчу сабак мында турат: биз эч качан өз аскер күчүбүздү колдонуудан жалтайлабашыбыз керек. Мен, президент катары, Америка элинин аманчылыгы үчүн буга баруудан жалтайлабайм. Бирок биз куралдуу күчтөрүбүздү акыл менен пайдаланышыбыз керек. Биз Иракта аскерибизди акылга салып жөндүү пайдалана албадык.

АКШнын каржы көйгөйү талкуудан четте калбады.

Атаандаштар, алдын-ала белгиленген эрежеге ылайык, бул жолу тышкы саясатты талкуулоо менен чектелиши керек эле. Бирок алар 90 мүнөттүк талаштын үчтөн бирин калайыкты кыжаалат кылган АКШдагы учурдагы каржы көйгөйлөрүнө арнашты.

Алар бул каржы алааматы такаган жардан кантип чыгуу тууралуу эч кандай сунуш айтышкан жок, анткени ушул тапта Ак Үй Конгресстен өлкө экономикасы үчүн 700 миллиард доллардык чукул каржылык көмөккө макулдук сурап жаткан.

Серепчилердин айтымында, МакКейн менен Обама өз сунуштары аркылуу бул сүйлөшүү жараянына бөгөт болгусу келбеген шекилдүү.