6-ОКТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”

Пишпек уездинде 1906-жылдын бул күндөрү жүргүзүлгөн тактоого караганда, көчмөн турмуштан отурукташууга өткөн кыргыздардын саны кыйла өскөндүгү белгиленген. Түркстан генерал-губернатордугу 1916-жылдын 6-октябрында, 16-жылкы көтөрүлүшкө катышкан кыргыздардан тартылып алынган малды сатуу туурасында көрсөтмө берген.
Дүйнөлүк илим коомчулугу менен чыгыш таануучулар үчүн 1895-жылдын бул күндөрү Токмокко жакын жайгашкан Бурана эстелиги туурасында маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жаралган. Таанымал орто кылым автору Мухаммед Хайдердин «Тарихи Рашиди» кол жазмасы Лондон шаарында жарык көрүп, бул күндөрү ал окурмандардын колуна тийген. Кол жазмада Бурана мунарасы туурасындагы маалымат айтылып, ал кабарды чечмелеген илим адамдары шаардын азыркы Кыргызстан аймагындагы Пишпек уездинде орун алгандыгын белгилешкен. Мухаммед Хайдердин кабарын комментарийлешкен илим адамдары орто кылымдагы эстелик менен Бурана чалдыбарынын бир экендигин далилдешкен.

Пишпек уездинде 1906-жылдын бул күндөрү көчмөн калктын санын тактоо иш чарасы жүргүзүлгөн. Падышалык бийлик жергиликтүү элди отурукташтыруу аракетин жасап, жүргүзүлгөн иштин майнабын аныктоо максатында айыл-кыштактардын санын алышкан. Эсептөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, көчмөн турмуштан отурукташууга өткөн кыргыздардын саны өскөн. Отурукташкан кыргыздарга империялык бийлик керектүү колдоо көрсөткөн. Пишпек уезддинде 70 чамалуу отурукташкан кыргыз кыштактары орун алып, анда 8 миңдей түтүн, тактап айтканда 40 миң чамалуу адам жашаган.

Түркстан генерал-губернатордугу 1916-жылдын 6-октябрында 16-жылкы көтөрүлүшкө катышкан кыргыздардан тартылып алынган малды сатып, кошумча капитал топтоо туурасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы бир эскертүү жиберген.

Жети-Суу областык Советинин I съезди 1918-жылдын 6-октябрында ишин баштаган. Профессор Константин Кузьмич Юдахин тарабынан басмага даярдалган айтылуу «Кыргызча-орусча сөздүк» 1940-жылдын бул күндөрү Москва шаарында жарык көргөн. Анткен менен сөздүктөгү кыргызча сөздөр латын тамгасында берилгендиктен, адистер тарабынан «сыясы кургай элек» эмгектин мааниси «эскирген» деп бааланган. Бирок сөздүктү түзүү ыкмасы, сөздү талдоо жолу калган түрк тилдүү калктардын сөздүгүн иштеп чыгуу ыкмасында үлгү катары кабыл алынаары айтылган.

2003-жылдын 6-октябрында Франциянын борбору Парижде башталган ЮНЕСКОнун XXII сессиясына кыргызстандык делегация да катышкан. Сессияда президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, андан кийин Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосунда «Кыргызстандагы тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу» макулдашууга кол коюлган.

Бул күнү 23-жылы козголоң чыгарган дыйкандар Кытай императору Ван Мандын башын алып, 1526-жылы англис дин рефарматору У. Тиндейл ересьтик үчүн отко өрттөлүп, 1506-жылы немец географы Мартин Бехайм, 1882-жылы поляк композитору Кароль Шимановский, 1914-жылы норвегиялык саякатчы, этнограф Тур Хейердал, 1943-жылы сүрөтчү Александр Шилов, 1949-жылы акын Асан Жакшылыков жарык дүйнөгө келген.