ТҮШТҮК ОСЕТИЯДАГЫ ОРУСИЯЛЫК АСКЕР ОБЪЕКТИЛЕРИНИН КООПСУЗДУГУ КҮЧӨТҮЛДҮ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Дмитрий Медведев 3-сентябрдагы жардыруудан кийин Түштүк Осетия жериндеги орусиялык аскерий объектилердин коопсуздугун күчөтүү боюнча көрсөтмө берди. Цхинвалидеги жардыруудан, Түштүк Осетия ички иштер министри Михаил Миндзаев маалымдашынча, 11 киши - орусиялык 8 аскер жана үч жаран курман болушкан. Алардын бири - орусиялык бейпилдик сактоо аскер тобунун штабынын жетекчиси, полковник Иван Петрик эле. Орусиянын прокуратурасынын алдындагы иликтөө комитети жардырууга тийешеси бар деп Грузиянын атайын кызматын айыптоодо. Грузия тарап бул доону четке какты.
Түштүк Осетиянын баш калаасы Цхинвалиде 3-сентябрдагы жардыруудан он чакты киши мерт болгон. Алардан сырткары, Түштүк Осетиядагы орусиялык күчтөр жетекчиси генерал-майор Марат Кулахметовдун айтканына караганда, 7 орусиялык бейпилдик жоокери да жарадар болгон.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өлкөнүн коргоо министрине тартипти сактоо органдары менен бирдикте Түштүк Осетия жана Абхазия жумурияттарындагы орусиялык тынчтык орнотуучулар, ошондой эле ал жумурияттар калкына карата кылмыштуу аракеттерге жол бербөө боюнча чаралардын бардык түрүн көрүү керек деген көрсөтмө берди. Ал туурасында Кремлдин маалымат кызматы жазып чыкты.

Дем алыш күнү болсо Орусия аскерлери Грузиянын жериндеги жол тосчу аскерий конуштарды четинен чече баштаптыр деген кабар таркады. Анын чын экенин Грузиянын ИИМи айтып чыкты.

Орусиялык аскерий эмерек жүктөлгөн 30дан ашуун жүк ташуучу машинелер Түштүк Осетияга жакын грузин калаасы Горинин кыйырынан чыгып, Абхазиянын Галл районуна конгону маалымдалды. Аскерлердин ал тарапка карай көчүп чыкканын Европа Биримдигинин байкоочулары да айтышты.

«Азаттыктын» Грузиядагы кабарчысы Георгий Кобаладзенин билдиргенине караганда да, орусиялык аскерлер Грузиянын айрым ичкерки аймактарынан чыгарыла башталды:

- Цхинвалидеги коркунучтуу террордук актыга карабай, Саркози-Медведев макулдашуусу учурунда берген убадасын расмий Москва аткара баштады.

Талдоочулардын айтымында, бул чара - Саркози-Медведев тынчтык макулдашуусунун алкагында кечигип жасалып аткан кадам.

Грузия президентинин өкүлү Владимир Вардзелашвилинин айтымына караганда, Түштүк Осетиянын тегерегинде жол тосуп текшерип турган орусиялык аскерий конуштан алтоо бар.

Орус аскерлери ал күнү көчүп аткан конуш - Сачхердик районуна караштуу Жвари жана Али деген айылдарда жайгашкан. Ал чөйрөдө дагы эки жерде: Надарбазеви жана Агара айылдарында жайгашкан орусиялык аскер конуштар бул күндөрү көчүп кетүүлөрү керектиги маалымдалган.

Августагы согуштан соң Орусия эгемендүү мамлекет катары Абхазия менен Түштүк Осетияны тааныгандан кийин Грузия ал аймактарын "Орусия басып алган жерлер" деп жарыялаган.

Ошондон тарта эки мамлекеттин оту ого бетер күйүшпөй, жоолашкан мамиледе кала беришти.

Эми Кремл бийлиги арачы болгон Франциянын президенти менен Орусия президентинин макулдашуусунун негизинде 10-октябрга дейре орус аскерлерин Грузиянын ичкерки жеринен толук чыгарып кетүүгө тийиш.

Бирок, Грузиянын каршылыгына карабастан, орустар аскерлерин Грузиянын эки жикчил аймагында жайгаштыра берээри ыктымал.