Кумтөрдүн тагдыры чыр бойдон, оппозициянын Москва сапары сыр бойдон

Өтүп бараткан жумада Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу демилгеси кайра көтөрүлдү. Ал эми оппозиция Москвага сапарынын максатын толук ачпай, ар түркүн түкшүмөлдөрдү пайда кылды. Парламентте “Ак жол” фракциясы энергетика тармагын текшерүү боюнча комиссия түзүүгө каршы чыкты.
Кумтөр чатагы-кылым чатагы



Кумтөр алтын кени боюнча келишим Кыргызстан үчүн пайдасыз жана коррупциялык мүнөздө экени 1992-жылы алгачкы келишим түзүлгөндө эле айтылган. Ал келишим 2003-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаевдин келишими менен Кыргызстанды талап-тоноочулук мүнөзгө ээ болгонун парламент белгилеп, келишимди жокко чыгаруу талабы бир нече токтом кабыл алган. Бирок ал келишим өзгөртүлгөн жок. 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин адилеттүүлүк орноп, кыргыз калкы өз байлыгына ээ болот деген үмүт аткарылбай келатат.

2007-жылы өкмөт башына келген Алмазбек Атамбаевдин тушунда канадалыктар менен жаңы келишимге жетишилип, бирок “ак жолчулар” тарабынан ал жокко чыгарылды. Атамбаевдин келишими мурунку келишимдерге салыштырмалуу Кыргызстан үчүн пайдалуу экени айтылган.

Алмазбек Атамбаевдин келишим кайра карап чыгуу үчүн өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов башында турган жаңы топ түзүлүп, алк анадалыктар менен сүйлөшүүнү баштаган. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча, ал топ беш айдын ичинде эки жолу жолугуп, сүйлөшүү өткөргөн. Бирок жыйынтыгы тууралуу маалымат жок:

“Мен андай келишимди мен көргөнүм жок. Андай келишим бүгүн жок. Ошол комиссиянын башчысы Мурат Исмаилов менен мурдагы күнү сүйлөштүм, андай келишимди ал билбейт. Эгерде жең ичинен, же стол астынан андай келишим түзүлгөн болсо, түзгөн келишимдин ээлери жоопко тартылыш керек”.

Ал Мурат Исмаилов башында турган комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Сергей Ибрагимов канадалыктар менен сүйлөшүү негизинен аягына чыгып, маселе сентябрь, андан кийин октябрь айында парламенттин кароосуна коюларын “Азаттыкка” буга чейин бир нече ирет билдирген эле.Бирок андан бери жылыш жок.

Эмми жаңы келишим ноябрь айында Жогорку Кеңештин кароосуна коюларын Сергей Ибрагимов дагы бир жолу билдирди:

“Биз азыр сүйлөшүүлөрдү аяктоо жолуна чыктык. Бир-эки жуманын ичинде аяктайбыз. Ноябрь айында келишимди парламенттин кароосуна алып чыгабыз”.

Бирок эч кандай жетишилген келишим жок экенин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков белгилеп, Кумтөрдү кыргыз мамлекетине толук кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун парламентке алып чыгаарын билдирди:

“Кумтөр боюнча келишимдин чечилбей, Кыргызстандын 15.5% акция менен турганы тигилер үчүн орусча айтканда “колондайк”, биз үчүн өтө чоң жоготуу. Ал күндөн-күнгө өсүүдө. Ошон үчүн бир жылдан берки сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаса, кенди улуттун менчигине кайтарыш керек. Мен конституцияга жана мыйзамдарга таянып туруп, Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун ноябрь айында парламенттин күн тартибине киргизгени жатам”.

Өкмөттү да түзгөн, парламентте да абсолюттук көпчүлүк добушка эгедер болгон “Ак жол” фракциясы Кубанычбек Исабековдун демилгесин колдойбу?Бул суроого “Ак жол” фракцияларынын жетекчилеринин бири Ажибай Калмаматов бир жактуу жооп берген жок:

“Ал кишинин демилгесин колдойбуз. Бирок баарын эмес. Бул жерде эми Кубанычбек Сатиндиевичтин демилгесинин ичинде алгылыктуу нерселер да бар. Экинчи жагынан туура келбей турган жактары да бар. Ошондуктан аны карап, иликтеп туруп, кыргыз мамлекетине пайда келтире турган жагын алышыбыз керек”.

Ал эми коомчулуктагы коррупциялык жана Кыргызстанга пайдасыз деп аталган келишим эмне үчүн оңдолбойт, анын кала бериши ким үчүн пайдалуу деген суроо ачык бойдон калууда.
Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, коррупциялык схеманын сакталышы кимдир бирөөлөр үчүн пайдалуу болуп жатат.

Ошентип, Кыргызстанда он алты жылдан бери 200 тонна алтын казып, аны 2.5 миллиард долларга сатып, бирок ошондон бери чыгашалуу ишкана болуп, чыгашасын 190 милион доллар деп көрсөткөн Кумтөр долбоору Акаевдин убагында кандай болсо, азыркы мезгилде ошондой кейипте ишин улантууда.Анын оңдоого аракет кылган адамдардын демилгеси ар кандай шылтоолор менен тосулууда.

Энергетиканын эсебин алууга “Ак жол” бут тосту




Кумтөр алтын кениндегидей кырдаал өлкөнүн энергетика тармагында да сакталып келатат. Энергетика тармагындагы кризисттик кырдаал сакталып гана тим болбостон кескин начарлап, начар башкаруудан, эсептин жоктугунан Токтогул суу сактагычы суусуз калып, эл электр жарыгысыз карайлап олтурат.

Тармактагы абалдын кескин начарлап кеткенин Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков кызматтан кетер алдында билдирген эле.

Бул тармактагы кризистин келип чыгышы жана коррупцияны иликтөө максатында Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов депутаттык комиссия түзүү демилгеси менен чыкты. Бирок президенттик “Ак жол” фракциясы ал демилгеге каршы чыкты.

Бакыт Бешимов комиссия түзүү зарылчылыгын мындай негиздеди:



“Энергетика боюнча адистерден топтогон материалдарга караганда, энергетика тармагындагы катастрофалык кырдаалга суунун аздыгы, кыштын оор келиши негизги себепкер эмес. Эл энергетика тармагына жасалган өтө начар жана кылмыштуу мамиледен жабыркап жатат. Энергетика тармагы боюнча 2006-жылдагы маалымдаманы иликтеп көрсөңүздөр, ал боюнча бир нече кылмыш ишин козгоого болот. Бирок таңкалыштуусу Башкы прокуратура ал маалымдаманы алып, бирок жабык бойдон калтырган. Өкмөттүн жыйынында да каралган эмес. Эч кандай чара көрүлгөн эмес. Биз тармактагы коррупция жана кризисттик кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү боюнча токтом кабыл алсак”.

Бирок “Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Ажибай Калмаматов маселени иликтөө өкмөткө тапшырылганын айтып чыкты:

“Бул жерде маңызы боюнча да, формасы боюнча токтом кабыл алуунун мезгили эмес. Биз кышка даярдык көрүүнүн алкагында өкмөт 15-ноябрдын аягына чейин тармакты иликтеп, маалымат берсе дегенбиз. Анан өзүңүз айтып жатасыз, Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли өтө төмөн, энергетика тармагы оор абалда деп жатасыз. Бул эми факты”.

Комиссия түзүү демилгесин колдогон коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев “ак жолчуларды” көндүрүүгө аракет жасады:

“Биздин максатыбыз жыйынтыкка жетишүү. Ал эми чечимди өкмөт, президент кабыл алат. Биз текшерүүнүн жыйынтыгы боюнчас унушту беребиз. Ошондуктан бул жерде корко турган, уяла турган нерсе жок. Маселе даяр эмес деген туура эмес. Бүгүн эле талкуулап, сунуштарды берип, чечим кабыл алсак болот”.

Бирок парламентте абсолюттук көпчүлүк добушка ээ болгон “Ак жол” демилгени өткөргөн жок. Ал эми биргелешип туруп болгону 19 депутаттык мандатка ээ болгон социал-демократтар менен коммунисттер маселени алып өтүүгө кудурети жетпеди

Мына ушундай шартта Кыргызстан кыш-кыроодон кандай чыгат деген коркунучтар жок эмес. Бийлик өкүлдөрү Бишкекте болгон саммитте Өзбекстандын Кыргызстанга кошумча 150 миллион куб метр газ берүүгө жана Казакстандын көмүр сатууга макул болушу маселени чечет деген пикирде болууда.

Президенттердин Бишкектеги макулдашуусунун негизинде энергетика министрлери Алма-Ата шаарында жолугушту. Анын жыйынтыгы тууралуу Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков буларды маалымдады:

“Алма-Атада беш тараптуу келишимге кол коюлду. Казакстан, Кыргызстан,Туркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан жетишкен макулдашуунун максаты келе жаткан кыштан биргелешип чыгуу жана 2009-жылдагы сугат мезгилге суу топтоо. Ошол максатты аткаруу үчүн келе жаткан кышта ким кандай энерго ресурс бири-бирине берет, ошонун көлөмдөрү көрсөтүлдү.Мисалы үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 150 миллион куб метр газ кошумча берет, Казакстандан 250 миллион килловат саат электр энергиясы берилет деп макулдашууда белгиленди. Ал эми Түркмөнстан Тажикстанга 1 миллиард 200 миллион килловат саат электр энергиясын берет. Аны өткөрөбүз деп өзбек туугандар сөз берди”.

Бишкек мэриясы 1-ноябрдан тарта жылытуу сезонун баштоо тууралуу чечим кабыл алды. Жылуулук алгач бала бакчаларга, ооруканаларга берилип, андан кийин үйлөргө бериле баштайт.

Оппозиция лидерлери Москвада эмне кылды?



Бул жумада оппозиция лидерлери Москвага барып келишти. Россия борборуна эмне себептен барышаарын сапар алдында Өмүрбек Текебаев да, Аликбек Жекшенкулов да, Темир Сариев да, Иса Өмүркулов да маалымдаган жок. 22-октябрда эрте менен Бишкекке кайрылып келген лидерлер сапарынын жыйынтыгы боюнча үн катпоону улантышты.

23-октябрда кечке жуук Акипресс маалымат агенттигине сапар тууралуу кабар чыгып, анда оппозиция лидерлери Москвада БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилова менен жолугушууга аракет жасашып, бирок анысынан майнап чыкпаганын, кыргыз оппозиционерлери Россиянын бир стратегиялык институтунда жолугушуу өткөргөнү айтылды.

Мына ошол кабардан кийин гана оппозиция лидерлери Москва сапарлары боюнча азын-оолак маалымат бере баштады. “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов Москвага сапар мурун эле пландаштырылып, ал жемиштүү болгонун билдирди:

“Биз мурунтан эле пландаштырганбыз. Орусиянын саясий жана коомдук ишмерлери менен жолугабыз деп. Негизинен Орусия менен Кыргызстандын байланышы, мамилеси тууралуу, Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты тууралуу жакшы сөздөр болду. Андан тышкары Кыргызстандан барган мигранттардын өкүлдөрү менен жолугуштук”.

Ошентип оппозция лидерлеринин Москвага сапарынын максаты, натыйжасы жарым сыр бойдон кала берүүдө. Талдоочулардын пикиринде, Кыргызстан оппозиционерлери Москвага орус саясатчыларынын чакыруусу менен барып, Кыргызстандын абалы, келечеги, Россия менен байланышы боюнча пикирлерин айтып келишти.

Бул Москванын акыркы мезгилдеги «бардык жумурткаларды бир корзинага салбоо» саясатына да туура келет.

Маалым болгондой Кремль Украинадагы президенттик шайлоо учурунда Виктор Януковичти бир жактуу колдоп, оозун күйгүзүп алган жайы бар. Мына ошондон кийин Кремлде бийликке сес бере ала турган оппозиция менен байланышта болуу тактикасы пайда боло баштаган.

Маселен, Кремль Украинада Виктор Януковичти колдоону улантуу менен бирге ошол эле мезгилде Юлия Тимошенко менен байланышты жолго салып келатат.

Мына ушул өңүттөн алганда, кыргыз оппозиционерлеринин Москвага сапарынын максаты, алардын чакырылыш себеби түшүнүктүү болгонсуйт.

9-октябрда Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга расмий сапары учурунда эки тараптын расмий бийлиги кенен-кесир пикир алмашкан. Ал эми оппозициянын пикири угулбай калган. Мына ошол кенемте кыргыз оппозиционерлерин Москвага чакыруу менен толукталгандай.