Барак Обама – АКШнын 44-президенти

Демократ-сенатор Барак Обама шейшемби күнкү жалпы улуттук шайлоодо мамлекет башчысынын мандатын утуп алды. Республикалык партиянын талапкери Жон Маккейнге караганда аны шайлоочулардын көбү колдоду. Демократтар конгресстин өкүлдөр палатасында жана сенатта да көпчүлүк орундарды алышты.
Чикагодо миңдеген тарапкерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама: ”Бүгүн түнү Америкага өзгөрүү келди!”- деп билдирди. Митингге жаңы президенттин аялы менен эки кызы, ошондой эле өнөктөшү жана партиялашы, өлкөнүн жаңы вице-президенти сенатор Жозеф Байден да катышты.

Обама улуттун биримдигин камсыз кылууну башкы милдет катары атады жана өзүнө каршы добуш берген шайлоочуларга кайрылып, алардын үмүт-тилектерин эске аларын, алардын жардамына муктаж экенин, алардын да президенти болоруна ишендирди. Атаандашы Жон Маккейнге да бир топ жылуу сөздөрүн арнады.

Обама алдыда олуттуу милдеттер турганын: Ирактагы жана Ооганстандагы куралдуу жаңжалдарды аяктоо, социалдык проблемаларды чечүү,финансылык кризистен чыгуу керектигин белгиледи.“Бул жол узак болушу мүмкүн, бизге бир жыл, балким, президенттик бир мөөнөт да аздык кылып калышы ыктымал”,-деп эскертти Обама. Ошол эле учурда Америка көздөгөн максатына сөзсүз жетерине бекем ишендирди.

Сөзүнүн эл аралык коомчулукка арналган бөлүгүндө Обама АКШнын лидерлик озуйпасында жаңы доор жакындап келатканын билдирди. “Биздин дүйнөнү бүлүнткүсү келгендерге айтарым: биз силерди талкалайбыз. Тынчтыкка жана коопсуздукка умтулгандарга айтарым: биз силерди колдойбуз. Американын чыныгы каркыны жана күч-кубаты анын армиясында же байлыгында эмес, анын демократиялык, эркиндик жана баарына тең мүмкүндүк берген идеалдарында экенин биз бүгүн кайрадан далилдедик”, -деп айтты жаңы шайланган президент.

АКШдагы быйылкы шайлоо көп жагынан бурулуш учур болду: тарыхта биринчи жолу өңү каралардын өкүлү президент болуп шайланды, добуш бергени шайлоочулар демейкиден өтө арбын келишти. Бул күнү алардан шайлоо коллегиясынын 538 мүчөсү мандат алат, Обама ушу тушта эле алардын 349унун өтүлдүгүн алганга жетишти. Жеңиш үчүн 270 добуш керек эле. Шайлоогерлер эми декабрда Вашингтонго чогулушуп, Обаманы президенттикке шайлашат. Алардын чечимин жаңы жылдан кийин конгресс бекитет, 20-январда Обама ырасмий түрдө кызматына киришет.

Демократтар шейшемби күнкү шайлоодо конгрессте да өз позицияларын бекемдөөгө жетишти. Сенатта эми алар, акыркы маалыматтарга ылайык, 100 мандаттын 56сын контролдошот. Өкүлдөр палатасындагы 435 орундун 251ин да демократтар утуп алышты.

Демократтардын жеңиши республикалык партия үчүн “кар көчкүдөй” иш болгонун белгилеп, Вашингтон университетинин эксперти Ричард Нортон Смит “өлкөнүн саясий турмушунда кырк жыл үстөмдүк кылган консервативдүү доор аяктап баратканын” баса көрсөттү.