Путин кайра президенттикке кайтабы?

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев мамлекет башчысынын бийлик мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартууну караган мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын кароосуна жөнөттү. Президенттин мындай кадамы Москвада күбүр–шыбыр кептерди жаратты. Медведев муну менен өз устатынын кайра Кремлге кайтып келишине жол ачып жаткан жокпу?
Президенттин ыйгарым укугунун мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартуу жөнүндөгү сунушун Дмитрий Медведев мамлекет башчысы катары калкка 5-ноябрь күнү жасаган алгачкы кайрылуусунда күтүүсүздөн эле жарыялаган болчу. Кайрылуусунан артынан эле капыл-тапыл тиешелүү мыйзамды 11-ноябрда Мамлекеттик думага киргизди. Дума документти алгачкы окуудан ушул жума күнү колго салары күтүлүүдө. Медведев ошондой эле Мамлекеттик думанын да кызмат мөөнөтүн төрт жылдан беш жылга көтөрүүнү сунуш кылды.

Кремлдин түшүндүрмөсүнө караганда, президенттин да, Мамлекеттик думанын азыркы мөөнөттөрү узартылбайт. Дмитрий Медведевдин бийликтеги биринчи мөөнөтү 2012-жылы аяктоосу керек.

Жогорудагыдай кадамдын нукура максаты анык белгисиз деп койгон күндө да, ал биринчи кезекте Медведевдин устаты, көпчүлүк талдоочулар Орусиянын чыныгы башкаруучусу деп эсептеген премьер-министр Владимир Путин президенттик тактыга кайтып келүүнү пландап жатат деген жоромолдорду жаратты. Ал божомолдор боюнча тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, Конституцияга өзгөртүү киргизилгенден кийин Медведев отставкага кетип, Путин кайра президенттикке оңой эле шайланат.

Москвада чыгуучу "Ведомости" гезити Кремлдеги аты аталбаган булактарына шилтеме берип, 6-ноябрда жазганына караганда, Медведев киргизген сунуштар 2007-жылы Путин президент кезинде эле даярдалган.

Айтор орус президентинин ыйгарым укуктарды узартуу жөнүндөгү сунуштары орусиялыктардын бакыбатчылыгынын, Путин менен Медведевдин эл арасындагы популярдуулугунун негизги булагы болгон мунай баасы төмөндөп, глобалдык каржы кризиси Орусиянын экономикасын да солкулдатып жаткан кезде жасалып олтурат. Акыркы айларда Орусиянын баалуу кагаздары менен улуттук акчасынын куну кача баштады. Рубль 1998-жылдагыга окшоп девальвацияланабы деген кооптонуулар жок эмес.

Айрым маалымат каражаттарында айтылган көз караштарга караганда, экономикадагы кыйчалыштык саясий элитаны да солкулдатып, бери дегенде Путин менен Медведевдин командалары ортосунда ажырым алып келүүдө. Москвалык саясий талдоочу Дмитрий Орешкиндин пикиринде, Орусияны башкарган корпоративдик топтор каржылык кызыкчылыктан улам кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп чоочулайт:

- Алар кырдаал начарлап кетсе, ал начарлайт, Медведевди отставкага кетирип, эл арасында популярдуу Путинди кайра алып келебиз деп ойлошот. Бул - азыркы шартта түп тамырынан бери жаңылыштык. Ак үйдө же Кремлде ким отурганы эч мааниге ээ эмес. Өлкө азыр деле Путин же сөздүн кеңири маанисинде жаматтык Путин тарабынан башкарылууда.

Кыргызстанда, Орусияда да салт болуп калгандай, экономикалык кризисттер учурунда адатта премьер- министрлер садагага чабылат, өкмөт отставкага кетет. Соңку ирээт 1998-жылкы кризис учурунда, маселен, ал кездеги президент Борис Ельцин премьер-министр Сергей Кириенкону кызматтан айдаган. Бирок саясий талдоочу Дмитрий Орешкиндн айтымында, азыр премьер-министрликте Путин турганда мындай ыкма өтпөйт:

-Менимче 1990-жылдары түзүлгөн, биз көнүп калган саясий система, ал совет доорундагыдан жакшыраак болчу, аларды канааттандырбайт. Алар бүт баарына көзөмөлдү сактоого кызыкдар.

Анткен менен Орусиянын маалымат каражаттары кийинки апталарда Путинге караганда, Медведевге жан тартып жаткандай. Популярдуу интернет басылма - газета.ру жакында президентти премьер-министрдин саясатынан өзүн оолак кармоого шыктандырган макала жарыялады.

Ал эми "Время новестей" гезити дегеле Путин бийликке келгенден кийинки саясий багытты сындаган макаланы 23-октябрда басып чыкты.

"Мыйзамдуу партияларды саясатка кайтаруу, нормалдуу теле, өлкөдөгү маанайды радикалдуу өзгөртүү каржы системасын каржы министрлиги куйган арбын акчага караганда, жакшыраак колдомок",-деп жазат аталган басылма.

Премьер-министр Путиндин өзү болсо президент Медведевдин ыйгарым укуктарды узартуу жөнүндөгү сунушун колдоду. Кечээ, 12-ноябрда Финляндиянын премьер-министри менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында Путин ал сунуштарды "адаттан тыш эмес" "жеке чен-өлчөмдөн" алынбаган деп атады. Бирок Орусиянын кийинки президенти ким жана качан болору жөнүндөгү суроодон кыйгап өтүп, түз жооп берген жок. Бул тууралуу айтуу азырынча "эртелик" кыларын белгиледи.