Газадагы кырдаал КМШлыктарды да кыжаалат кылууда

Ооганстанда да Израилдин Газага чабуулуна каршы митинг өттү

Израилдин Газа тилкесиндеги чабуулу күчөгөн сайын мурдагы совет өлкөлөрүндө ар түрдүү ой пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Кеңеш доору аяктагандан кийин КМШга кирген өлкөлөрдүн бийлиги Израил менен алакаларды бекемдеген эле. Мына эми алар өз өлкөлөрүндөгү коомчулуктун кысымына карабастан жаңжалда кайсы бир тарапты колдоодон тайсалдап турган чак.
Жыл башынан бери Азербайжанда ислам активисттери Израилдин Газа тилкесиндеги чабуулуна каршы бир нече жолу демонстрация өткөрүштү.

Акыркы митинг 5-январда Бакунун жанындагы Нардаран кыштагында өтүп, ага жүздөгөн адамдар катышты.

Нааразылык акциясынын катышчууларынын бири Абдулла Мустафаев “Азаттыкта” маегинде Израилдин аракеттерин “Палестинадагы геноцид” деп сыпаттады:

- Биз, Нардандык мусулмандар, Израилдин Палестинадагы геноцидин айыптайбыз. Биз алардын бул аракеттерин токтотуусун талап кылып, палестиндерге тилектештигибизди билдиребиз.

2-январда полиция Израилдин Бакудагы элчилигинин алдындагы демонстрацияны таратып, 20га жакын кишини камакка алды.

Кызыгы, тышкы саясатта “позитивдүү бейтараптуулук” деген турумду карманган Азербайжан, Кыргызстан жана Түркмөнстан өкмөтүнөн эч кандай расмий билдирүү боло элек.

Анын аралыгында Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукка байланыштуу абайлаган билдирүү жасашты. Бул үч өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүлөрдө израил-палестин чатагы курал колдонуу жолу менен чечилбеши керектиги, тараптар элдешүүгө макул болушу керектиги айтылат.

Азербайжан жана Орто Азиядагы башка мусулман өлкөлөр эки арада калгандай. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү 1991-жылдан бери Израил менен жакын дипломатиялык мамилелерди түзүп келген.

Коомчулуктун кысымына жалгыз гана Азербайжан өкмөтү калган жок. Тажикстандын оппозициячыл “Ислам кайра жаралуу” партиясы Израилдин Гза тилкесиндеги аракеттерин сынга алды. 31-декабрда Дүйшөмбү шаарында аталган партиянын болжол менен эки миңге чукул тарапкерлери катышкан митингде партиянын төрага орун басары Мухиддин Кабири тажик өкмөтүн да Израилди айыптоого чакырды:

- Бул жалгыз гана “Ислам кайра жаралуу” партиясынын үнү эмес. Бул – бардык тажиктердин, балким, Борбор Азия элинин үнү. Аллах Акбар!

Коңшу Кыргызстанда көз карандысыз серепчи Марс Сариев ислам дини саясатташтырылып жатат деген тынчсыздануусун билдирди:

- Палестинада кырдаал курчуган сайын ислам саясатташтырыла берет. Айрым саясатчылар ислам факторун өз кызыкчылыгына колдонушууда. Байистүү мусулмандардын туруму бошогон сайын радикал ислам күчтөнө берет. Муну курал менен токтотууга болбойт. Бул туура эмес.

Кыргызстан Мусулмандар союзу 12-январда Бишкекте палестиндерди колдогон акция өткөрүүнү пландаштырууда. Аталган союздун тең-төрагасы, “Эркин Кыргызстан” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Израил башкалардын пикирин сурабастан Газа тилкесине аскер жиберип, болжол менен 500гө чукул айыпсыз арабдарды өлтүрдү. Андыктан биз Бириккен Улуттар уюмуна, Орусия, Кытайга кайрылдык. Согуш чукул арада токтошу керек, Израил өз аскерлерин чыгарып кетиши зарыл.

Орусиянын Муфтийлер кеңеши Израилдин аскердик операциясын сынга алып, Кремлдин Жакынкы Чыгыштагы саясатына колдоосун билдирди.

Орусия менен Израилдин ортосундагы мамилелер кыйла татаал. 1947-жылы Йосиф Сталин Израил мамлекетинин түптөлүшүн колдогон. 1967-жылы алты күндүк согуш маалында Советтер союзу Израил менен мамилелерин үзүп, кийинчирээк Израил менен күрөшкөн араб өлкөлөрүнө курал жеткирип турган.

Байкоочулардын баамында, Кремлдин азыркы саясаты Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктарына негизделген. Акыркы он беш жылда орус-израил мамилелери бир кыйла тармактарда жакшырган. Себеби Израилде байырлаган орустардын саны 20 пайыздан ашкан.

Грузияда кырдаал башка өлкөлөргө салыштырмалуу ачык сыяктуу. 5-январда Тбилисиде көптөгөн студенттер Израилди колдогон акция өткөрүштү. Алар колдоруна “Израилдин коргонууга укугу бар” жана “Террорчулукка - жок” деген жазуулары бар транспаранттарды көтөрүп чыгышты.

Грузиянын батышчыл өкмөтү Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске тынчсыздануусун билдирди. Бирок мындай кырдаал үчүн Хамас күнөөлүү деп кошумчаланат грузин бийлигинин билдирүүсүндө.

Тбилисидеги Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр фондунун президенти Александер Рондели муну “Израилде миңдеген грузин жөөттөр жашайт жана Израил биздин армияга колдоо көрсөтүп келет” деп түшүндүрдү.