Ак үй Буштун мезгилиндеги сурактарды иликтейт

Президент Барак Обаманын администрациясы АКШ өкмөтүнүн шектүү террорчуларга карата буга чейинки жана мындан аркы мамилесин кайра карап чыгууда.
Президент Жорж Буш Ак үйдө турган жылдары ЦРУ офицерлери менен келишим боюнча иштегендердин калпыс иштерин иликтөө үчүн федералдык прокурор дайындалды. Бул жылдары президент жана анын кол алдындагылар «сууга чөктүрүп коркутуу өңдөнгөн суракка алуунун катаал усулдарын колдонуу зарыл болгон» деп ырастап келишкен. Иликтөө башталаары менен ЦРУнун сурак алуу ыкмалары боюнча АКШ баш инспекторунун 2004-жылкы доклады жашыруун документтердин тизмесинен чыгарылды.

Жарандык Эркиндиктер биримдиги өкмөттү сотко берип, анын жарыяланышына жетишти. Александр Абдо биримдиктин Улуттук Коопсуздук долбоорунун изилдөөчүсү:

– Максат – акыркы 8 жылдагы зөөкүрлүктөр боюнча мүмкүн болушунча кеңири маалымат алуу. Айкындуулук менен катар кандайдыр бир жоопкерчилик да болот деп үмүттөнөбүз. Президент Обама ишке киришкенден бир нече күндөн кийин «жоопкерчиликте айкындуулуктун чоң үлүшү болуш керек, жоопкерчилик демократиянын туруктуу иштеши үчүн керек» дебеди беле.

2004-жылдагы баш инспектордун отчетунда ЦРУнун офицерлери жана келишим менен иштегендер бир айыпкерди электр көзөгүч, курал менен коркутушкан. Алар 11-сентябрь чабуулунун уюштуруучусу Халид Шейх Мохаммедге балдарыңды өлтүрөбүз деп айтышкан, дагы бирөөсүн анын үй-бүлө мүчөлөрү анын көз алдында зордукталат деп жүрөк заада кылышкан. Дагы бир ирет айыпкер сурак берип жаткан жерге коңшулаш бөлмөдө ок чыгарышкан.

Айыпкерди дароо өлтүрө тургандай жолдор менен коркутуу АКШнын кыйноо боюнча федералдык мыйзамына каршы келет.

Азыр эми Обаманын администрациясы бардык америкалык тергөөчүлөр Армиянын талаа китепчесинде келтирилген эрежелерди аткарууга тийиш болоорун айтууда. Анда айыпкерге кандай суроо берүүгө болоор-болбосу аки-чүкүсүнө чейин ачык, так жазылган. Китепчеде соңку жылдары колдонулган айыпкерлерди чечиндирүү, аскердик иттер менен коркутуу, катуу суукта, же кайнаган ысыкта калтыруу жана сууга чөктүрүп, кайра тартып алуу ыкмаларына тыйуу салынат.

Вашингтондогу Брукиңс институтунун улук изилдөөчүсү Майкл О'Ханлондун ишениминде, азыр башталып жаткан тергөө АКШнын дүйнөдөгү аброюн калыбына келтирүү үчүн айрыкча керек:

- Бул тергөөлөрдө мыкаачылыктын белгилери же түздөн-түз кылмыш болгон болсо, алар коюлган чектен чыккандыгын билгизет. Демек жаза берүү жагын ойлошубуз керек. Биз сырткы дүйнөгө кетирген каталарыбызды жаап-жашырбай турганыбызды билгизишибиз зарыл. Ошондо мыйзамды сыйлап, бардык адамдарга бирдей мамиле жасап, адам укуктарын урматтаарыбызды көрсөткөн болобуз.

Ошол эле убакта Обаманын администрациясы террорчу деп шектелгендерди үчүнчү өлкөлөргө камакта кармоого жиберүүнү уланта бере турган болууда. Ак үйдүн маалымат катчысы Билл Буртон «мындай адам кыйноого уруксат берилген өлкөлөргө жиберилбейт, алардын абалы көзөмөл астында болот» деди. Укук коргоочулар бул чечимди дароо айыпташты. Алардын пикиринде, адамга адамдай мамиле кылабыз деген убада кыйноолорго каршы кепилдик боло албайт.