Апта: Супер президент, куушурулган өкмөт...

Президент башкаруу системасын реформалоону баштады. Өкмөт түзүмү өзгөрдү. Өнүктүрүү фонду стратегиялык ишканаларды башкарууга дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүк алды.
Башталган реформа. Мыйзамдан сырт калган “тышкы иштер министрлик”..

20-октябрда президент башкаруу системасын реформалоо башталганын билдирди. Андан кийин эки күндүн ичинде өкмөттүн жаңы структурасы бекитилип, курамы куралып бүттү. Бирок реформанын натыйжасында көбөйгөн жана ага чейин эле президентке түздөн-түз баш ийген органдардын жетекчилерин дайындоо токтоп турат. Алардын айрымдарын дайындоо үчүн Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү талап кылынат. Мүмкүн дал ушул себептен алар токтоп тургандай.

Ал эми реформанын натыйжасында президенттин бийлиги ого бетер күчөгөнү айтылууда. Ансыз да баарын аткарууга даяр турган өкмөттүн үстүнө Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик деп аталган дагы бир "өкмөт" түзүлүп, тышкы саясатка байланыштуу да өкмөттүн колу-буту кесилип салынгандай болуп калды.

Мындай шартта президенттин кийинки кадамы өкмөттү жоюп, азыркыдай жарым-жартылай эмес, толугу менен АКШдагыдай башкаруу системасына өтүү логикага сыярлык болчудай.

Ошентип, реформанын натыйжасында президенттин түздөн-түз кол алдына Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик, Мамлекеттик тышкы иштер министрлик, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат, Мамлекеттик финансы полициясы, Мамлекеттик кадр кызматы кошумча өтүп жатат. Булардын ичинен Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигине
кандай функциялар берилгени тууралуу президент Курманбек Бакиев буларды билдирген:

- Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик экономиканы структуралык реформалоо, ишкерликти колдоо, инвестиция тартуунун үстүнөн иштейт. Ошондой эле өнүктүрүү бюджетин даярдоого, улуттук экономикалык, инфраструктуралык, инвестициялык программаларды даярдоого жетекчилик кылат.

Президенттин мурунку тандемдеши Феликс Кулов бийликти алуу менен президент жоопкерчиликти да алды деп эсептейт:

- Негизи эле Кыргызстанда президенттин бийлиги дайыма эле көп болуп келген. Муну ачык айтып коюшубуз керек. Бирок бүгүн президент бийликти көбүрөөк алды, бирок жоопкерчиликти дагы өзүнө алып отурат. Эми ал мындан ары эмнеге жооп берерин так аныктады. Тышкы саясатты, улуттук коопсуздукту, инновацияларды, инвестиция тартууну, бирдиктүү каттоого алууну жана кадр саясатын толук өзүнө алды. Жоопкерчиликти дагы, демек, муну колдоого гана алуу керек.

Оппозциялык Бириккен элдик кыймыл президенттик реформага карата мындай баасын бергенин Азимбек Бекназаров билдирди:

- Жалпысынан айтканда, президент өкмөттүн бир топ ыйгарым-укуктарын өзүнө ыйгарып алды. Айрыкча бюджеттин киреше бөлүгүнө таандык экономикалык-инвестициялык тармактарды ээлеп алды деген жыйынтыкка келдик. Камбар-Ата ГЭСи сөзсүз мамлекеттин менчиги катары калыш керек. Ал эч кандай чет өлкөлүк фирмаларга күрөөгө да коюлбаш керек, деген Бекназаров бул маселелер боюнча БЭКтин кайрылуусу жарык көрөрүн кошумчалады.

Реформалар болоору тууралуу президент алгачкы ирет 1-сентябрда парламентте билдирген. Мына ошол кайрылууда Жогорку Курултай жана Президенттик кеңешме тууралуу көбүрөөк сөз болгон эле. Бирок президенттин 20-октябрдагы сөзүндө бул бийлик институттары баштапкы маңызынан өзгөргөнү же артка сүрүлүп салынганы көрүнүп турат.

Эгерде президенттик кеңешмени ала турган болсок, алгач анын курамына коомчулуктун ар кандай катмарынан өкүлдөр кире турган болгон. Азыркы жаңы формасында болсо ал кандайдыр бир СССРдин убагындагы “Полтибюрону” элестеткен орган болот. Анын курамына Президенттик институтка кирген органдардын жетекчилери, Коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик кеңешчи, Мамлекеттик тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин төрагасы жана өкмөт башчы кирет. Кенешмеде өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу орчун маселелер каралат жана чечилет.

Ал эми Жогорку Курултай - Ынтымак Курултайы деп аталып, анын курамы, иштөө принциптери кийинчерээк жарыялана турган болуп калды.

Эң кызык абалда учурда “тышкы иштер министрлиги” калып турат. Анткени кабыл алынган өкмөттүн жаңы структурасында андай
министрлик жок. Демек, ал министрлик мыйзамдан сырт калды. Президент да өзүнүн жардыгы менен бул министрликтин азыркы статусун аныктап койгон жок. Анан бул министрлик азыркы мезгилде кантип чел өлкөлүктөр менен иштеп жатканы, 22-октябрда Кадырбек Сарбаевдин элчилерден кантип ишеним грамоталарды алганы түшүнүксүз.

Куралган өкмөтпү, куураган өкмөтпү?

Данияр Үсөнов башында турган өкмөт болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен куралды. Президент өз сөзүндө, реформаны жүргүзүү боюнча ал кеңешкен мамлекеттик кызматкерлердин 99% өз кызыкчылыгын көздөшкөнүн айткан эле. Бирок өкмөттүн курамы 99% ордунда калды.

Анда айрым гана өзгөрүүлөр болду. Бир өзгөрүү - биринчи вице премьер-министр Өмүрбек Бабановдун мамлекеттик кызматты таштап, ишкерликке кетишине байланыштуу болду окшойт. Натыйжада Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров биринчи вице-премьер-министрлик кызматка көтөрүлдү. Анын ордуна эми Экономикалык тескөө деп аталган министрликке Жеңишбек Байгуттиев келди. Ал буга чейин “Толубай” банкында иштеп келген. Негизи эле “Толубай” банкынын айланасындагы топ бийлик менен 2006-жылдан бери тыгыз кызматташып келатат.

Дагы бир жаңы дайындоо Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматында болду. Бул кызматка, белгилүү “Азияуниверсалбанктын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Закиров келди. “Азияуниверсалбанкта” болсо Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алексей Елисеев, MGN GROUPтун жетекчиси Евгений Гуревич сыяктуу азыркы реформалардын көмүскө каармандары бар.

Айтмакчы, “Азияуниверсалбанктын” бюджеттик төлөмдөрдү тейлөөнү бүтүндөй ээлеп алуусу жөнүндө маселе жума күнү парламентте
көтөрүлүп, ага финансы министри Марат Султанов мындай жооп берди:

- "АУБ" 2008-жылы тендерди утуп алган экен. Ошондуктан ал операцияларды жасап, кечке чейин акча чогултат. Кечке жуук акчаны казначылыка которуп берет. Ошол ишти аткарганы үчүн акча алат. Алар болгону операциялык иштерди жасайт. Биз дагы бир параллелдүү структураны түзбөш үчүн, азыраак акча үчүн казначылыкты жана башка мамлекеттик органдарды тейлейт.

Бирок каржы министри мына ушул эле операциялык иштерди буга чейин мамлекеттик Эсеп-сактык банкы аткарып келгенин, мамлекет эмне үчүн өз банкын четке түртүп койгонун айткан жок.

Жаңы өкмөттүн структурасындагы бир жаңылык - бул өкмөттүн аппарат башчысынын ролунун күчөшү. Аппарат башчы эми вице премьер-министр деңгээлине көтөрүлүп, жалпы министрликтердин ишин координациялоо укугуна ээ болот. Башкача айтканда аппарат башчы “мини” премьер-министр болуп калууда. Мындай шартта премьер-министр менен аппарат башчынын алакасы кандай болоору белгисиз.

Өкмөттүн алсызданганы тышкы иштер министрлигинин анын курамынан чыкканынан да көрүнүп турат. Премьер-министр Данияр Үсөновдун сөзүнө караганда, Мамлекеттик тышкы иштер министрликтин статусу өкмөттүн статусунан жогору турат. Мындай шартта премьер-министр кандайдыр бир тышкы иштерди жүргүзүүдө Мамлекеттик министрдин уруксатын алып иш жүргүзөбү же башкача болобу ?..

Өкмөт чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен тынымсыз кызматташта болуп турат. Эки тараптуу өкмөттүк комиссиялар бар. Бул жагдайларда "жарым-жартылай" өкмөт кандай иш кылаары түшүнүксүз.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, мындай иштерди жүргүзүүдө эми өкмөт менен Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин ортосунда макулдашуулар жүргүзүү зарылдыгы чыгат. Бул өз кезегинде бюрократияны күчөтөт.

Ошондой эле премьер-министр менен министрликтерди координациялоо укугуна ээ болгон аппарат башчынын ортосунда тизгин талашуу болушу да ыктымал. Жалпы эле өкмөттүн абалына Молдалиев мындай баасын берди:

- Өкмөт калгандай эле кебетеленип турат. Баягы эле министрликтер турат. Бирок он төрт министрлиги калдайган менен түйүндүү маселелерди чечүү башка жакка кетип жатпайбы.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариев бийликтин бир колго болуп көрбөгөндөй топтолуп жатканын белгилейт:


- Президенттик аппаратка бийликтин баары жыйылып, концентрация болуп жатат. Президент колуна баарын жыйнап, президенттик бийлик күчөтүлдү. УКМКнын президенттин астына кеткенинде да шек болуп жатат. Атайын кызмат баарын текшерип туруш үчүн президенттин астына кетти. Анан каттоонун баары бир жерге бириктирилип жатат. Мамлекеттик каттоо, нотариат, паспорт столдору баары бириктирилүүдө. Ал жерде маалымат борбору болот. Ал аркылуу ар бир адамды рентгенде көргөндөй көрүүгө болот. Ошону менен Кыргызстан толук тоталдуу көзөмөлгө алынып жатат. Бул чын эле коркунучтуу.


Күчөгөн MGN GROUP

Узап бараткан жумада башкаруу системасын реформалоо жана жаңы өкмөттү түзүүгө байланыштуу ызы-чуунун астында чет өлкө жараны Евгений Гуревич башында турган MGN GROUP жана Өнүктүрүү фондун күчтөндүрө турган дагы бир чечим кабыл алынды. Мамлекеттик мүлк министри Турсунбек Турдумаматовдун “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндөгү” жана “Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзамын 23-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алып берди. Негизи мыйзам долбоору талкууланбастан туруп, төрага Айтибай Тагаевдин аракети менен жума күнү мындай шартта кабыл алынды:

- Мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору. Баяндамачы Турдумамбетов Турсунбек Осмоналиевич, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу. (Добушка коюлсун деген үндөр) Докладдын кереги жокпу. Суроолор болбойбу.Урматтуу депутаттар мыйзам долбоорун комитеттин корутундусу менен добушка коем. Мыйзам долбоору 74 добуш менен кабыл алынды.


Кабыл алынган мыйзамга ылайык өлкөдөгү акционердик коомдордун акцияларын Өнүктүрүү фондуна берүүгө министрликке уруксат берилди. Мүлк министрлигинин колунда болсо стратегиялык ишканалардын акциялары кармалып турат. Ал ГЭСтердин, “Кыргызалтындын”, “Манас” аба майданынын, “Кыргызтелекомдун” жана башка маанилүү ишканалардын акциялары.

Буга чейин Социалдык фонддун гана активдери менен өлкөдөгү мына ушул стратегиялык ишканалардын директорлор кеңешине бирден
өкүл коюуга мүмкүнчүлүк алган MGN GROUP, эми мыйзамга өзгөртүү киргизилиши менен директорлор кеңештерине кеңири кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Анын үстүнө MGN GROUP жана “Азияуниверсалбанк” Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын башчылыгына өз кишисин коюуга жетишти. Жогоруда аталгандай, бул кызматтын башына Бакыт Закиров дайыдалды. Закиров буга чейин “Азияуниверсалбанктын” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп келген. Бул банктын жетекчилигинде болсо ошол эле Евгений Гуревич, Алексей Елисеев жана башкалар бар.

Оппозиция өлкөнүн стратегиялык ишканаларынын акцияларын башка колдорго берүүнү кылмышка тете көрүнүш катары баалап жатканын Азимбек Бекназаров билдирди:

- Өкмөттүн ыйгарым-укуктарын ошондой түшүнүксүз, кыргыз эли түшүнбөй турган бир күмөндүү фонддорду түзүп, чет өлкөлүк жарандарга бергенин биз кылмыш иши жыттанат деп бааладык. Буга абдан терс көз карашыбызды айттык. Ал биздин кайрылуубузда сөзсүз айтылат.

“Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Табылды Орозалиев мындай мыйзам эмне үчүн кабыл алынганын түшүндүрүү узак убакытты талап кылаарын айтса, экинчи “ак жолчу” депутат Бегалы Наргозуев ал маселе менен үстүрт тааныш болгондуктан маалымат бере албасын билдирди.

Ошентип, реформанын түпкү маңызы болгон финансыны менчик ишкерлерге берүү аракети ого бетер өр алды.