Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек - Кыргыз-казак чек арасы 11-майда ачылаары буга чейин айтылгандыктан бул күнү "Ак жол" чек ара бекетине Казакстанга өтмөкчү болгон бир канча кыргыз жарандары келишти.

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек - Бирок убактылуу өкмөттүн кыргыз-казак чек арасы 11-майда ачылып калат деген үмүтү орундалбай, чек ара бекетине келгендердин саны улам көбөйүп жатты.

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек - Алардын көпчүлүгү Казакстандын базарларында иштеген Кыргызстандын атуулдары

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек - Чек арада жүк ташуучу автонуулар да токтоп турат.

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек - Ошол эле учурда Казакстанда мугалим, дарыгер жана башка кесипте иштегендер чакыруу кагазы менен Казакстанга өтүү укугуна ээ.

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек - Кыргызстандын чек ара кызматынын төрага орунбасары Чолпонбек Турусбековдун айтымында, казак-кыргыз чек арасындагы өткөөл бекеттердин мынчалык узакка жабылуусу көз карансыздыктын дээрлик 20 жылдык тарыхында биринчи ирет болуп жатат.

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек - Казакстан чек арасынын бир тараптуу түрдө 7-апрелден кийин жаап, мунун жүйөөсүн коопсуздук маселелери, атап айтканда Кыргызстандан курал өтүү коркунучу бар экендиги менен түшүндүргөн эле.

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек - Ошентип чек ара качан ачылары белгисиз бойдон.