Оштуктар Отунбаевага талаптарын билдиришти

Ошто борбордук аянтта убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева менен жолугушууга үч жүздөй адам чогулду.

Алар барымтада жаткан адамдарды бошотуп алуу, өзбек маалелериндеги тосмолорду алуу, өзбектердин колундагы куралдарды жыйнап алуу, гумжардамды туура бөлүштүрүүнү колго алуу жөнүндө талаптарды коюшту.

Ошто ондогон, жүздөгөн адамдар издеп таппай жүргөн жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, аларды табууга жардам сурашууда.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева.