Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Ош: Отунбаевага талаптар, калыпка түшпөгөн кырдаал


Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Ошко келди, 18-июнь
Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Ошко келди, 18-июнь

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын Ошко жасаган сапары кырдаалды басаңдата алган жок. Тескерисинче, топтолгон эл Отунбаевага бир катар талаптарды коюп, баш-аламандыка чекит кое албаган убактылуу өкмөттү катуу сынга алды.

Учурда Ошто жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев соңку кырдаал тууралуу кеп салып берди.

-Чындыгында Ош калкы өткөөл мезгилдин президентинин сапарынан көп нерсе үмүт кылышкан болчу. Шаар активдери менен жолугушуудан сырткары, облакимчиликтин алдында жүздөгөн адамдар анын сыртка чыгышын талап кылышты. Эки жолугушууда тең Отунбаева, жалпы эле убактылуу өкмөт катуу сындалды. Топтолгондор Отунбаевадан конкреттүү эч нерсе уга алышпаганын айтышты. Алар бийлике орчундуу үч талап коюшту. Биринчиси, дайынсыз жоголгондорду табууну, өлгөндөрдүн сөөгүн алып чыгууну. Экинчиден, арасында кыргыздар жашаган өзбек маалелериндеги тосмолорду ачууну, үчүнчүдөн өзбек айылдарындагы курал-жарактарды жыйноо керектигин айтышты.

- Роза Отунбаева бул талаптарга жеринде жооп бердиби?

- Ооба. Бул талаптар алдыңкы эки күндө аткарылат деп ишендирди ал. Бирок Отунбаеванын айткандарына элдин көпчүлүгуү ишеним артпай, нааразы пикирлерди билдиришип, ар кандай ачуу сөздөрдү айтышты. Коомдук ишмерлер, карапайым элдин өкүлдөрү "убактылуу өкмөттүн кандай программасы бар, эми кандай кадамдарды жасайсыңар? Эмне үчүн ушул окуянын алдын ала албадыңар" деп сындашты. Жаалданган элден Отунбаеваны жан сакчылары имаратка карай алып кирип кетишти. Ошондон көп өтпөй эле ал борборго учуп кеткени маалым болду.

- Жанар, чын эле убактылуу өкмөткө сен жүргөн аймакта нааразылык күчпү?

-Ооба. Убактылуу өкмөттүн Ош, Жалал-Абад аймактарында кадыры анчалык жоктугу байкалууда, тактап айтканда көпчүлүк элдин колдоосуна ээ эмес деп айтсак болот. Аны Роза Отунбаева өзү деле бүгүнкү сапарынан кийин сезсе керек. Өзгөчө жаңы өкмөттөгү кадр саясатына нааразылар көп. Мисалы, Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев булардын баарын Ошто жакшы кабыл алышпайт. Ошол эле убакта Бакиевдерди да колдошпойт. Өзгөчө сонку окуялар бул нааразылыкты андан бетер күчөткөндөй.

- Ошто кыргыз-өзбек улутундагылар аралаш жашаган аймактарда элдешүүлөр болуп, жолдор ачылууда деген маалыматтар тарады эле?

- Айрым айылдарда, кичи райондордо жарашуулар болгон. Бирок бул жалпы кырдаалды турукташтыра алган жок. Нариман, Шейит-Дөбө сыяктуу маалелерде абал дале болсо оор. Ал жакта бир топ кыргыздар барымтада экени айтылууда. Алардын дал ушул барымтага алуу аракеттери кырдаалды ансайын курчутуп жатат. Кечээ облустук балдар ооруканасынан да кыргыз улутундагы дарыгер Касымжусуп Акматовду өзбек айылына уурдап кеткени бүгүн шаарда кызуу талаш-тартыш жаратты. Өзбек коомчулугу жашаган айылдардын кире беришинде кыйылган бактар, өрттөлгөн автоунаалар менен тосулган жолдор дале ачыла элек.

-Демек, бир канча күн өтсө деле кырдаал басаңдабай жаткан турбайбы?

- Кырдаал оор. Эл ичинде түрдүүчө ушак-айың. Элде маалымат каражаттарына ишеним жок, баары ушак менен гана жашап калган. Элди араласаң, эртең мындай болот, бул жерде уруш болот, бул айылда мынча адам барымтада жатат деген сөздөрдү угасың. Бирок алардын баарын бийлик өкүлдөрү чагымчы деп атап жатышат. Менин байкашымча, жоголгон кыргыздар табылбаса, барымтадагылар кайтарылып берилбесе кырдаал тынчышы кыйын.

Роза Отунбаева Ошто болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

XS
SM
MD
LG