Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Набыт болгондордун так эсеби расмий билдирүүдөн көп болушу мүмкүн


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Ош жана Жалал-Абат облустарындагы тополоңдон каза болгондордун саны 176 адамга жетти. Бул эсеп ооруканалардагы каттоо менен берилип жаткандыктан, көз жумгандардын так эсеби мындан да көп экендиги айтылууда.

15-июнда Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 16-июнду Оштогу жана Жалал-Абаддагы кайгылуу күндөрдө каза болгондор үчүн Аза күтүү күнү деп жарыялады:

- Мен атайын токтомго кол коюп жатам. Соңку күндөрдөгү тополоңдордо каза болгондордун саны 170тен ашты. Бул Кыргызстан үчүн абдан чоң жоготуу. 16-июнь – Ошто жана Жалал-Абадда каза болгон мекендештерибизге арналган Аза күтүү күнү.

Саламаттык сактоо министрлигинен берилип жаткан Ошто жана Жалал-Абадда болуп өткөн тополоңдордон каза болгондордун эсеби ооруканаларга түшүп көз жумган маркумдарга чыгарылган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен билдирилүүдө.

Андыктан башаламандыктарда набыт болгондордун так эсеби мындан көп болушу мүмкүн деген маалымат айтылып жатканын Саламаттык сактоо министринин басма сөз катчысы Света Байтикова “Азаттыкка” билдирди:

- Бул эсеп эми ооруканаларга түшүп көз жумгандардын саны. Чынында каза болгондор мындан көп болушу мүмкүн.

Ушундай эле оюн Ош аймагында жүргөн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова да билдирди:

- Биз азыр Ош аймагында жүрөбүз. Бул жерде расмий бийликке билдирилбей эле көмүлүп калган сөөктөр бар экен. Тактап жатабыз.

Учурда Бишкекте айрым мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардан турган Координациялык комитет түзүлүп, Чүй облусунун айылдарын кыдырышып, “чагымчылар тарабынан даярдалып жаткан коогалаңдарды кантип аныктоого болот, аны токтотуу боюнча кандай иш-аракеттерди көрүү керек” деген темада калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

“Лига” балдар укуктарын коргоо уюмунун директору Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдиришинче, Чүй аймагында чагымчыл иштерди жүргүзүүгө аракеттенгендер кармалды:

- Чагымчылык кылган адамдар кечээ түнү кармалды. Элдик кошуундар кармады.

Ошондой эле Назгүл Турдубекованын пикиринде, балдарды, аялдарды, кары адамдарды өзүнө этият болуу үчүн алдын алуу чаралары менен маалыматтандыруу өз жардамын тийгизет:

- Мында өзүнө этият болуу аракеттери эсте болот. Өзүн коргонуу аракеттери менен таанышкан адамдарга, мунун пайдасы тийүүдө.

15-июнда кечке маал түштүк аймагынан Ошто жана Жалал-Абадда жабырланган 15 оорулуу учак менен Бишкекке жеткирилип, Улуттук госпиталга, Травматология жана ортопедия борборуна, №1 клиникалык ооруканага жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Алардын артынан дагы 6 жабырлануучунун келиши күтүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги Ала-Бука, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун Өзбекстан менен чектешкен жерлеринде турган качкындарга дары-дармек жана психологиялык жактан жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Света Байтикова билдирди:

- Биздин Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторубуз ал жактарда турган качкындарга барып, кан басымдарын текшерип, дары-дармектерди берип, эти ысыган, ичи өткөн балдар бар экен, медициналык жардамдарды көрсөтүшүүдө. Ошондой эле качкындарга психологиялык жардамдарды беришүүдө.

XS
SM
MD
LG