Доор ураганда: Сүрөт баян: Сиз да биерде барсызбы?

Казакстан. Алматынын борбордук аянтына (Жаңы аянтка) чогулган жаштардын нааразылык жыйыны. 1986-жылдын 17-18-декабры. - 1986-жылдын 16-19-декабры. "Желтоксан" ("Бештин айынын") окуялары. Казакстан. 30 миңдей киши Кремлдин саясатына нааразылык кылып көчөгө чыгып жаткан чакта, Алматынын борбордук аянты (ошол кезде Жаңы аянт деп аталган жай) кылкылдаган казак жаштарына толду. Алар расмий Кремлдин Казакстандын Компартиясынын Биринчи катчысы Динмухамед Кунаевди бошотуп, ордуна ичкериден орусиялык коммунистин (Геннадий Колбин) жетекчиликке алынып келишине каршы болушту.

Казакстан. Алматынын борбордук аянтына (Жаңы аянтка) чогулган жаштардын нааразылык жыйыны. 1986-жылдын 17-18-декабры. - 1986-жылдын 16-19-декабры. "Желтоксан" ("Бештин айынын") окуялары. Казакстан. 30 миңдей киши Кремлдин саясатына нааразылык кылып көчөгө чыгып жаткан чакта, Алматынын борбордук аянты (ошол кезде Жаңы аянт деп аталган жай) кылкылдаган казак жаштарына толду. Алар расмий Кремлдин Казакстандын Компартиясынын Биринчи катчысы Динмухамед Кунаевди бошотуп, ордуна ичкериден орусиялык коммунистин (Геннадий Колбин) жетекчиликке алынып келишине каршы болушту.

Краснодардагы крым татарлары өз тарыхый журтуна кайтууга уруксат кылууну талап кылышты. 06.3.1988. - Краснодардагы крым татарлары өз тарыхый журтуна кайтууга уруксат кылууну талап кылган нааразылык жыйынын уюштурушту. Бул жыйын депортацияланган этностук топтун аймактагы ири нааразылык жыйыны болуп калды. 1988-жылдын 6-марты. Владимир Веленгурин тарткан сүрөт. (1987-жылдын июн-июл айларында Москвадагы Кызыл Аянтта крым татарларынын өкүлдөрү байма-бай нааразылык жыйынын өткөрүп, 1944-жылы жазыксыз жерден атажуртунан куулганын билдирип, атажуртуна кайтарууну талап кылып жатышты. Алардын жыйындары "Азаттык", "Би-Би-Си" жана башка чет элдик булактар тарабынан кеңири чагылдырылган соң, советтик басылмалар да алардын көйгөйүн учкай чагылдырууга аргасыз болгон. Акыры алар советтик жетекчилик менен жолугушуп, өз талаптарын билдиришкен).

Молдова Элдик Майданы молдова тилин жалгыз мамтил деп жарыялоону талап кылды. 1989-ж. июнундагы жыйын. - Молдова Элдик Майданы мурдагы Советтик Молдавия жумуриятында молдова тилин жалгыз мамлекеттик тил жарыялоону талап кылган нааразылык жыйындарын уюштурду. 1989-ж. июнундагы Кишиневдеги жыйын. (Молдова Элдик Майданы 1989-жылдын 20-майында негизделген).

Украина Элдик Кыймылынын улуттук көз карандысыздыкты талап кылган жыйыны. Киев ш., 23.10.1989. - Украина Кайра куруулар үчүн Элдик Кыймылынын (РУХ) улуттук көз карандысыздыкты талап кылган жыйынын чагылдырган сүрөт. Киев ш., 1989-жылдын 23-октябры. Бул демократиячыл кыймыл 1989-жылы 16-февралда өз "Манифестин" жарыялап, анда улуттук кайра жаралуу жана мамлекеттик көз карандысыздык идеялары камтылган.

Украина Элдик Кыймылынын улуттук көз карандысыздыкты талап кылган жыйыны. Киев ш., 25.10.1989. - Украина Кайра куруулар үчүн Элдик Кыймылынын (РУХ) 1989-жылдын 25-октябрындагы нааразылык жыйыны "Шайлоо мыйзамы менен Тил мыйзамы - демократиянын негиздери" деген ураан астында өткөрүлдү. ТАСС (В.Самохотский, В.Соловьев) тарткан сүрөт. (Бул демократиячыл кыймыл 1989-жылы 16-февралда өз "Манифестин" жарыялап, анда улуттук кайра жаралуу жана мамлекеттик көз карандысыздык идеялары камтылган).

Украина. 1988-91-жж. Украина Улуттук боштондукка чыгаруу кыймылынын нааразылык жыйындары. Киев ш., 1990-ж. 21-январы. - Киевдеги Богдан Хмелницкий (азыркы София) аянтындагы жыйын 1919-жылдын 22-январындагы Украина Улуттук Жумурияты менен Батыш Украина Улуттук Жумуриятынын бириктирилиши тууралуу тарыхый келишимдин түзүлүшүнүн мааракесине арналды. Киев ш., 1990-ж. 21-январы.

Украинанын бирдиктүү мамлекетке айланганы тууралуу келишимдин мааракесин белгилеген "жандуу" чынжыр. Киев. 21.1.1990. - 3 миллиондой украин бири-бири менен кол кармашып "жандуу" чынжыр түзүп, 1919-жылдын 22-январындагы Украина Улуттук Жумурияты менен Батыш Украина Улуттук Жумуриятынын бириктирилиши тууралуу тарыхый келишимдин түзүлүшүнүн мааракесин белгилешти. Буга киевдиктер да жигердүү катышты. 1990-жылдын 21-январы.

Тажикстандын ордо шаарындагы нааразылык жыйын. Дүйшөмбү ш., 15.2.1990. - Тажикстандын ордо шаарындагы нааразылык жыйын. Дүйшөмбү ш., 15.2.1990. (ИТАР-ТАСС сүрөтү). (1990-жылдын 12-февралында Тажикстанда тополоңдор болуп, 28 киши набыт кеткен. Ошондон тартып тажикстандык исламчылар саясий чөйрөгө жандуу аралаша баштаган).

Кыргызстандын борборундагы "Ала-Тоо" аянтындагы бейпилдикти, реформаны талап кылган нааразылык жыйын. 1990-ж. 5-июну. - Советтик Кыргызстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү жана Ош жергесинде 4-июнда башталган этностор аралык кагылышууну тез арада токтотууну талап кылган кыргызстандыктар (көбүнесе жаштар) Бишкектин Борбордук “Ала-Тоо” аянтында ири нааразылык жыйынына чогулду. 1990-жылдын 5-июну. Ж.Жекшенин жеке архивинен.

"КДК" лидерлери нааразылык жыйынынын катышуучуларына кайрылууда. Фрунзе (Бишкек). 1990-ж. 5-июну. - “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын беш теңтөрагаларынын экөө - доцент Топчубек Тургуналиев (оңдогу биринчиси) менен Жыпар Жекше (оңдогу экинчиси) жумуриятта демократиялык реформаларды жүргүзүүнү жана Ош жергесинде 4-июнда башталган этностор аралык кагылышууну тез арада токтотууну талап кылган Бишкектин Борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы ири нааразылык жыйынынын катышуучуларына кайрылышууда. 1990-жылдын 5-июну. Ж.Жекшенин жеке архивинен. (Ed

Украина. 1988-91-жж. Украина Улуттук боштондукка чыгаруу кыймылынын нааразылык жыйындары. Киев ш., 1990-ж. 30-сентябры. - Украинанын боштондугун жана демократиячыл реформаларды талап кылган студент жаштар жана Украинанын Көз карандысыз Жаштар Биримдиги "СССРди көмүү" деп аталган жөрөлгөнү өткөрүштү. 1990-ж., 30-сентябры. Мында "СССР - элдердин түрмөсү", "Орок менен балка - өлүм менен ачарчылыкты туюнтат" деп жазылган."

Украина Элдик Кыймылы жумурияттын СССРден чыгышын талап кылган жыйын өткөрдү. Киев. 30.9.1990. - Оппозициячыл Украина Элдик Кыймылынын мүчөлөрү жумурияттын Советтер Биримдигинен чыгышын талап кылган нааразылык жыйындарын уюштурду. Киев шаары, 1990-жылдын 30-сентябры. Photo TASS / Andrei Solovyov. (1990-жылдын 2-17-октябрында киевдик студенттер бийликке каршы анти-коммунисттик саясий ачкачылык уюштурушту. Бул иш-чарага Кыргызстандын "КДК" уюмунун өкүлү да күбө болуп, кийинчерээк, 1990-жылдын 22-28-октябрында демократиячыл реформа талаптарын көтөргөн саясий ачкачылык Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында да өткөрүлүп, кыргыз демократтары жеңишке жетишкен).

Кыргызстандын коммунисттик бийлигине каршы саясий ачкачылык. Фрунзе (Бишкек) ш., 22-28.10.1990. - Кыргызстандагы коммунисттик режимге каршы "КДК" уюштурган саясий ачкачылык маалындагы Кыргызстан Компартиясынын ошондогу лидери Абсамат Масалиевге каршы плакаттардын айрымдарын борбор шаардын тургуну окуп жатат. Бул сыяктуу плакаттар “Ак Үйдүн” керегесине жана борбор шаардын ар кыл булуң-бурчуна илинген. 1990-жылдын 23-октябры. “Майдан” эркин гезитинин архивинен.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңеште ант берүүдө. Фрунзе (Бишкек) ш., 27.10.1990. - Кыргызстандагы коммунисттик режимге каршы "КДК" уюштурган саясий ачкачылык шартында Кыргызстан Компартиясынын ошондогу лидери Абсамат Масалиев президенттик алгачкы шайлоодо өтпөй калып, Жогорку Кеңеш 1990-жылы 27-октябрда туңгуч президент катары реформаторлор канатынын өкүлү, академик Аскар Акаевди шайлады. Бул сүрөт А.Акаевдин президенттикке ант берип жаткан учурунда тартылган. Анын артында – Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Абсамат Масалиев. 1990-жылдын 27-октябры. “Майдан” эркин гезитинин архивинен.

Кыргызстан. "КДКнын" Балтика өлкөлөрүнүн борборлоруна советтик аскерлерди киргизүүгө каршы жыйыны. 1991-ж. 21-январы. - “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын Борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. Ураандардын биринде “Эсиңерге келгиле! Аскердик кол салуу – демократиянын өлүмү дегендик! СССРдин Ички иштер министрлигине уят!” - деп жазылган. 1991-жылдын 21-январы. Ж.Жекшенин жеке архивинен. Timeline: January 13-20, 1991 - Communist forces attempt coup against democratic forces in Lithuan

"КДК"нын уюштуруу жыйынынан кийинки алгачкы курултайынын ачылышы. Бишкек ш., Кыргызстан. 09.2.1991. - 1991-жылдын 9-10-февралында өткөрүлгөн "Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын ("КДК") Биринчи курултайынын ачылыш салтанаты маалында. Төрдө отургандар - Өмүрбек Текебаев, депутат жана КДКнын мүчөсү, Казат Акматов, депутат жана КДКнын теңтөрагасы, Дүйшөнбек Отонбай уулу, Кыргызстандын муфтийинин катчысы, Кадыр Матказиев, КДКнын теңтөрагасы, жана Жыпар Жекше, КДКнын теңтөрагасы (солдон оңго). (КДКП архивинен).

Грузин улуттук гвардиячысы өлкөнүн СССРден көз карандысыздыгын жарыялагандарга кошулду. 10.4.1991 - Грузия өзүнүн СССРден көз карандысыздыгын жарыялаган күндүн эртеси Тбилисиде элдик майрам болуп, Грузия Улуттук гвардиясынын бул жоокери да ага шаттана кошулуп, көчөдөгү калайык менен чогуу бийлеп жатты. Тбилиси ш., 1991-жылдын 10-апрели.

М.Горбачевго каршы төңкөрүш аракети маалында советтик танктар Москванын Калинин көчөсүндө. 19.8.1991. - 1991-жылдын 19-21-августу – СССРдин реформачы президенти Михаил Горбачевго каршы чыккан эскичил коммунисттердин майнапсыз аяктаган кутумунун учуру катары тарыхта калды. Бул сүрөттө советтик танктар Москванын Калинин көчөсүндө тизилип турганы тартылган. 1991-жылдын 19-августу. (Дмитрий Борьконун ЕЭ/АҮ Прагадагы башкеңсесиндеги сүрөт көргөзмөсүнөн).

Кишинёвдогу Молдованын эгемендигин колдогон нааразылык жыйыны. 27.8.1991. - Молдова парламентинин президиуму өлкөнүн мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларациянын долбоорун 1991-жылдын 27-августунда жактырды. Бул чечимди Молдова Элдик Майданы жана башка демократиячыл күчтөр кызуу колдоп чыгышты. Кишинёвдогу Молдованын эгемендигин колдогон жыйын. 27.8.1991. ИТАР-ТАСС (А.Симановский) сүрөтү.

Бакы шаарынын азери тургуну В.И.Лениндин сүрөтүн балталап сындырууда. 21.9.1991. - Азербайжандын ордо шаарынын тургуну болшевиктердин жолбашчысы В.И.Лениндин сүрөтүн балталап сындырууда. 21.9.1991. (1920-жылы Азербайжанды болшевиктер советтик жумурият деп жарыялашкан. Азери Улуттук Межлиси 1991-жылдын 18-октябрында жумуриятты көз карандысыз деп жарыялады. Бул саясий чечим ошол жылы декабрда улуттук референдум аркылуу да тастыкталды).

Днестр боюнун орус тилдүү тургундары Молдовадан бөлүнүү талабы менен чыгышты. Дубасари ш., 01.10.1991. - Молдовадагы Днестр бою аймагынын орус тилдүү тургундары Молдовадан бөлүнүү талабы менен чыгышты. Калктын башка бир бөлүгү болсо аймактын Молдованын курамында кала беришин талап кылып чсыкты. Дубасари ш., 01.10.1991-жылдын 1-октябры. ИТАР-ТАСС (А.Симановский) сүрөтү. (1990-жылдын 2-сентябрында Тираспол шаарынын жергиликтүү төбөлдөрү Днестр Боюндагы Молдавия Советтик Социалисттик Жумуриятын бир тараптуу жарыялашты. Алардын бул саясий аракети расмий Кремл тарабынан тымызын колдоого алынды).

Тажикстан. Демонстранттар Р.Набиевдин парламент спикердигинен кетүүсүн талап кылышты. Дүйшөмбү ш. 1991-ж. октябры. - Тажикстандын борборундагы нааразылык жыйынынын катышуучулары парламент төрагасы Рахмон Набиевдин 1991-жылдын 21-ноябрына белгиленген президенттик шайлоонун ирегесинде өз кызматынан кетип, атаандаштарына бирдей шарт түзүүсүн талап кылышты. Бул сүрөт 1991-жылдын октябрында тартылган.