Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

1991-жылкы август кутумунун сабактары толук үйрөнүлө элек


Айрым советтик танктар төңкөрүш аракетине каршы чыккан демонстранттар тарабына өткөн учурдан бир көрүнүш. 1991-жылдын 20-августу. ИТАР-ТАССтын сүрөтү.

Тээ 1990-жылдан 1991-жылга караган кышта Советтер Биримдиги ыдырашы мүмкүн болгондой кырдаал түзүлүп, жагдай уламдан-улам курчуй берген. Ошол чакта, 1991-жылдын 20-августунда биримдикке кирчү жумурияттардын эгемендик укуктарын кыйла күчөтө турган жаңы келишимге кол коюу жөрөлгөсү белгиленген. Бирок андан эки күн мурда Советтер Биримдигинин президенти Михаил Горбачевду КПСС Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун таасирдүү мүчөлөрү, мурдагы вице-президент, мурдагы КГБнын башчысы жана башка министрлер Крымдагы Форос дачасында үй камакка алууга буйрук беришип, эртеси, 19-августта, антиконституциялык төңкөрүш аракети бүткүл Советтер Биримдигине жана дүйнө жүзүнө маалым болду. Бул кутум майнапсыз аяктаган менен, азыркыга чейин Орусияда жана КМШ аймагында 19-август путчу жана аны жеңгендердин демократия куруу мүдөөсү тууралуу карама-каршы пикирлер жана аңыз кептер айтылып келет.

1991-жылы 19-августта таңга маал айтылуу ГКЧП – СССРдин Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитети (Государственный комитет по чрезвычайному положению СССР) түзүлгөндүгү расмий жарыяланган.

Үч күнгө гана созулган бул төңкөрүш аракети ошол кезде Советтер Биримдигиндеги демократиялык реформаларды жактагандар менен эскичил коммунисттик системаны калыбына келтирүүнү көксөгөндөрдүн тирешүүсү болуп калды.

Төңкөрүшчүлөргө каршы чыккандардын бири, Орусиянын ошол кездеги вице-президенти Александр Руцкой чечкиндүү сааттардын биринде советтик аскерлерге мындайча кайрылганы эсте:

- Сиздерди, өзүмдүн офицер жолдошторумду, жоокерлерди, деңизчилерди, элге каршы чыкпоого - өзүңүздөрдүн аталарыңыздарга, апаларыңыздарга, ага-иниңиздерге, эже-карындаштарыңыздарга каршы чыкпоого чакырам.


Борбордук Азиядагы башка жумурияттардан айырмаланып, Кыргызстан ГКЧПны колдоп чыккан эмес.

Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын жетекчилиги, жумурияттын парламентинин спикери Медеткан Шеримкулов сыяктуу саясатчылар ГКЧПны уюштургандарды ачык айыптап чыгышкан.

Кыргызстандын сыналгысы ГКЧПнын жарыялары менен катар эле, ага каршы чыккан орус президенти Борис Ельциндин жана анын демократиячыл тарапкерлеринин кайрылууларын да байма-бай обого чыгарып жатты.

ГКЧПнын ичээр суусу түгөнүп бараткан чакта, ал кездеги президент Аскар Акаев да Бириккен Улуттар Уюмуна чейин кайрылып, Кыргызстандын эгемендигин сактап калууга чакырганы маалым.

Ал эми Маскөө төңкөрүш аракети ойрон болгон соң, Форос дачасындагы үй камактан кайра Маскөөгө кайткан президент Михаил Горбачев иш жүзүндө башка мамлекетке туш болгонун ошол кездеги анын сынчысы, атаандашы жана төңкөрүш маалындагы колдоочусу Борис Ельцин “Азаттыкка” (1991-жылы) мындай деп айткан эле:

- Менимче, маанилүү нерсе ушул – президент Горбачев башка Орусияга, башка өлкөгө кайтып келди. Мага сезилгендей бир нерсени айтсам, кечээ мен аны менен реформалардын андан ары өнүгүү багыттары жана демократиялык кайра куруулар тууралуу талкуу кылып, жарым күндөй бирге болдум.

Менимче, ал эгерде демократиясыз, өнүгүүсүз, радикалдык реформаларсыз кала берсек, эгерде азыркыдай тынч реформа кырдаалында кала берсек, - мындай кырдаалда азыркыдай сыяктуу төңкөрүштөр болбой койбойт экен, - анда эч кандай алдыга илгерилөөгө мүмкүн болбойт деп акыры барып түшүндү окшойт.

Менимче, ал КПССтин иш жүзүндөгү жетектөөчү ролун жокко чыгаруу керектигин эми түшүнгөндөй сыяктанат.



Айтмакчы, ал окуялардан бери Кыргызстанда кыйла өзгөрүүлөр болду.

Алгач өлкө мамлекеттик көз каранды эместикке жетишти, эл аралык коомчулукта Борбордук Азиядагы либералыраак, демократия багытын көздөгөн өлкө катары даңазаланды.

Бирок 1994-жылы парламенттин таркатылышы жана конституцияга өзгөртүү киргизүүлөр менен байланыштуу окуялар президенттин бийлигинин ыксыз чыңдалышына жана акыры барып 2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылапка алып келди.

Азыр да Кыргызстан терең реформаларды күтүп жаткан кез.

Реформаларды ургаалдуу жүргүзүү талабын козгогон эки ири демонстрация үстүбүздөгү жылы (2006-жылы) 29-апрелде жана 27-майда Бишкекте болуп өттү.

Демократиялык талаптарга жооп берчү жаңы конституциялык реформалар ушул күзгө белгиленүүдө. Алар өтөсүнө чыгабы, алдын-ала айтууга азырынча эртелик кылаар эле.

Ал эми Орусияга келсек, анда 1991-жылдан бери кандайча өзгөрүүлөр болду?

Бир чети, өлкө коммунисттик бир партиялуу системадан чечкиндүү түрдө баш тартты, көп партиялуу системаны калыптандырып, базар экономикасына карай багыт алды.

Экинчи чети, Чеченстандагы эки жолку согуш, басма сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө карата чабуулдун күчөшү, аймактардын жетекчилерин – губернаторлорду шайлоодон дайындоого өтүү, саясий оппозициянын алсырашы – ушунун баары Орусиянын кийинки өнүгүүсүндөгү айырмалуу көрүнүштөрдөн болуп калды.

2004-жылы болсо президент Путин бир кездеги ГКЧПнын башкы уюштуруучуларынын бири, мурдагы СССРдин Коргоо министри Дмитрий Язовго жигердүү коомдук ишмердүүлүгүн алкап орден тапшырды.

Коомдук пикирде да ГКЧПга карата ой-пикирлер өзгөргөнү маалымдалууда.

Маселен, Маскөөдөгү Левада Борбору аттуу изилдөө институтунун соңку сурамжылоосуна караганда, өз оюн билдиргендердин 52 пайызы мындан он беш жыл илгери “ГКЧПнын жактоочулары да, Ельцин да туура эмес кылышкан” деп эсептешет экен.

Бул сурамжылоо институтунун жетекчиси Юрий Леваданын айтымында, азыркы орусиялыктар демократия тууралуу кеп кылгандан көрө, башка көйгөйлөрдү чечип алууну эп көрөт:

- Мындагы калайык демократияны, демократиялык институттарды, жалпы шайлоону жана башка жагдайларды өтө олуттуу деп санабайт. Орусиялык калктын тынчсыздануусун туудурган нерселер – көбүнесе үй-бүлө, экономикалык кырдаал, каржы туруму, инфляция, жумушсуздук, кылмыштуулук жана башка көйгөйлөр.


Алдыда, 2008-жылы, Орусияда кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлмөкчү.

Британдык Чэтем Үйү (Chatham House) илимий иликтөө борборунун Орусия боюнча адиси Жеймс Никси (James Nixey) дал ушул президенттик шайлоо жалпы эле Орусиянын саясий тагдыры үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин белгилейт:

- Деги, президент Путин бийликте болобу же жокпу, анын бийликте калышы үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилеби, баш мыйзам ийкемдүү кылынабы же жоюлабы же канат-куйругу кыскартылабы, ушунун баары бизге Орусиянын чыныгы табияты тууралуу өтө бай элес тартууламакчы.

1991-жылы орусиялыктар өздөрүнүн укуктары үчүн күрөшкө ачык чыккан, ал түгүл танктарды айдап келген жоокерлерди өз тарабына тартып алышкан.

Азыркы тапта деле 1991-жылкы август окуяларынын сабактары терең талданып иликтене элек.

Орусияда да, Кыргызстанда да демократиялык коомчулук бийликтерден бул саясий драманын сабактарын астейдил үйрөнүүнү, адам укуктарын кадырлоо жаатында сергек мамилени, демократиялык реформаларды чечкиндүү жүргүзүүнү күтүүдө.

(Бул макала 2006-жылы 19-августта жарыяланган).
XS
SM
MD
LG