Жазуучу менен коштошуу

Төлөгөн Касымбековду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чарасы Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

Коштошууга өлкө башчысы Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган бийлик өкүлдөрү, жазуучунун калемдештери катышып, маркумдун чыгармачылыгы эскерилди.

Төлөгөн Касымбеков 10-июнда кечинде кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн. Жазуучунун абалы жакшырбай 16-июнда каза болгон.

Касымбеков “Сынган кылыч”, “Келкел” өндүү бир катар тарыхый романдардын автору. Ага 2006-жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган болчу.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун сөөгү Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Топурак салуу жөрөлгөсүнө маркумдун жакындары, калемдештери, бир катар мамлекеттик ишмерлер жана айрым депутаттар катышты.