Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

27-апрелде Баткенде Ворух анклавынын жанындагы Ак-Сай айылында кыргыздар менен тажиктер чатакташа кетти. Жаңжал аталган анклав аркылуу өткөн Ак-Сай - Тамдык айланма жолунун курулушунан улам чыккан. Ак-Сай айылынын жабыркаган үч тургуну ооруканага жатып дарыланууга муктаж. Окуя боюнча Баткен облустук прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Тийиштүү кызматтар абалды жөндөө үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жеңиш Айдаров, 28.04.2013