Пакистан: чиркөөдөгү жардыруу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пакистандын Пешавар шаарында Ыйык Жон чиркөөсүндөгү кош жардыруудан 50 чакты киши жан таслим болду, 70ке жакыны жараланды. Бул - акыркы бир нече жылдардан берки эң кандуу кол салуу болду. Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф “бейкүнөө адамдарды бутага алуу исламга жана бардык диндерге жатпайт”,- деп чабуулду айыптады. Христандар өлкө калкынын 4 процентин түзөт. Эл аралык укук коргоо уюмдары Пакистанды азчылыктар үчүн эң кооптуу жерлердин тизмесине киргизип келишет.