Нарын: “Кайдыгерликке каршы жүрүш”
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
16-ноябрда Нарында “Кайдыгерликке каршы жүрүш” акциясы өттү. Иш-чара 20-ноябрь - Балдар күнүнө жана 3-декабрь - Майыптар күнүнө карата уюштурулду. Анын максаты - коомчулуктун көңүлүн майып балдардын жана алардын ата-энелеринин көйгөйлөрүнө буруу. Акция “Кадам” реабилитациалык борборунан башталып, балдар жана ата-энелерге унаа менен 2-3 сааттык шаар кыдыруу уюштурулду. Нарын облусунда 12 миң майып жашайт. Алардын 1724ү балдар. "Кайдыгерликке каршы күрөш" акциясы бул күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтүп жатат. (Токтосун Шамбетов)