Москвадагы антифашисттик акция

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

19-январда Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында антифашисттик акциялар өттү. Мындан 5 жыл мурда Москвада адвокат Станислав Маркелов менен журналист Анастасия Бабурова өлтүрүлгөн эле. Ошол окуядан бери Орусияда жыл сайын ушул күнү фашизмге каршы жүрүштөр уюштурулуп келет. ("Свобода" радиосунун Москвадагы антифашисттик жүрүштөн түз берген видеосунан фрагменттер)