Улуттук госпиталдагы кырсык
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бүгүн Улуттук госпиталдын кардиограмма бөлмөсүнүн үстү урап, иш үстүндөгү врачтар менен бейтаптар качып чыгууга араң үлгүрүштү. Учурда 2-кабаттагы шыптан аккан суу биринчи кабатка сарыгып түшүүдө. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөн жумадагы өкмөт жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны капиталдык ремонтко бөлүнгөн 500 млн. сом максатсыз сарпталганын айтып, жаш балача катуу жемелеген.