Кытайдан келген “кыргыз товарлары”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Дордой" базарына көптөн бери Made in Kyrgyzstan деген жасалма энбелги чапталган кытай товарлары агылып келүүдө. Мындай маалыматты жергиликтүү жеңил өнөр жайчылар жана сатуучулар таратты. Алардын айтымында, ушунун айынан бир канча кийим тигүүчү ишканалар жабылган. Анткени Кытайдан келген товар арзан болгондуктан жергиликтүү өндүрүшчүлөр атаандаштыкка туруштук бере алышпайт. Атүгүл Кытайдан келген “кыргыз товарларын” Орусияга, Казакстанга жөнөтүп, ортодон акча өөнөгөндөр да жок эмес.