Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 18:58

Боордош өлкөнү башка түрк жумурияттары деле "Türkiye" деп аташса...


"Made in Turkiye" бренд жарлыгы. 06.12.2021

Евразиянын түштүк-батышындагы түрк тилдүү мамлекетти англисче жана башка тилдерде латын арибинде “Turkey”, “Turkei” же “Turquie” дебестен, “Türkiye” деп жазуу сунушу өлкөнүн заманбап бренди менен байланыштырылууда. Тынчтыкбек Чоротегиндин блогу.

Расмий Анкара “Түркийе” сөзүн бренд катары тандады

Өткөн жылдын соңку айында (2021-жылдын 4-декабрында) Кичи Азиядагы (Анатолиядагы) жана Балкан жарым аралынын Чыгыш Тракия бучкагындагы түрк тилдүү боордош жумурияттын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган бир катар ишкерлердин демилгесин колдоп, өз өлкөсүнүн англисче аталышын “Turkey” дебестен, “Türkiye” деп атоого өтүүгө, ал эми бул өлкөдө өндүрүлгөн жана сыртка чыгарылган өнүмдөргө “Made in Turkey” дебестен, “Made in Türkiye” деп жазууга чакырды. Бул тууралуу анын атайын жарлыгы расмий шардана кылынды.

(Караңыз: “"Türkiye" will be used in all kinds of activities and correspondence, instead of phrases such as "Turkey" "Turkei" and "Turquie", according to a circular issued by President Recep Tayyip Erdogan.” –– https://www.trtworld.com/turkey/turkey-to-use-t%C3%BCrkiye-in-all-activities-to-strengthen-its-brand-52307).

Саал мурдараак, 2020-жылы январда “Түркия сыртка чыгаруучулар жыйыны” (Türkiye Ihracatçılar Meclisi) аттуу экспортчулар биримдиги өлкөдөн тышкары сатыкка чыгарылып жаткан өнүмдөргө “Made in Türkiye” (“Түркийеде өндүрүлгөн”) деп жарлык тагууга өтүп жатканын жар салган.

Англисче “Turkey” сөзү өлкө аталышынан башка да “үндүк” (үй канаттуусунун түрү; латынча “Meleagris gallopavo domesticus”) маанисин, андан тышкары “келесоо”, “аңкоо”, “майнапсыз” сыяктуу кошумча маанилерди билдирет.

Зоопарктагы үндүк. Ялта шаары, Крым, Украина.
Зоопарктагы үндүк. Ялта шаары, Крым, Украина.

Айрымдар үндүк Европага Индиядан алынып келинген деп аңдашат. Бирок тоодак сыяктуу куштун бул түрүн алгач үй канаттуусуна айландырган элдер – Американын ацтек, майя жана башка түпкү элдери болгон. XVI кылымдын башында испандар бул кушту Батыш Европага алып келишип, андан улам кыйла мезгилдер бою бул кушту “испан тоогу” деп да аташкан; ал эми Осмон султандыгынын тушунда деңиз соода жолу аркылуу ар кыл куштардын түрлөрү Британияга да ташылгандыктан, “Түркий тоок” сөзү да Америкадан таркалган үндүккө карата жаңылыш колдонулуп, андан улам өлкө аталышы англис тилинде кыскача “Turkey” сөзүнө айланган.

“Түркийе” сөзүнүн бренд катары жаңы аталышы Түркия тарабынан толук көзөмөлдөөгө алынат, анткени башка эч бир өлкө өзүнүн товарына “Түркийеде жасалган” деген жарлыкты тагуусу мүмкүн эмес (албетте, кылмышкер аткезчилер мындай жарлыкты бул өлкөдөн уруксатсыз тага бериши ыктымалдан алыс эмес деңизчи).

Бул топонимдин түрк тилдериндеги жагдайы

Көп кылымдык тарыхый, этномаданий жана саясий өзгөчөлүктөрдөн улам, бул жаатта чаржайыттык өкүм сүрүүдө.

Бир катар боордош түрк элдеринин тилдеринде орусча “Турция” варианты эч колдонулбайт.

Мисалы, азербайжанча “Türkiyə”,

башкырча “Төркиә”,

гагаузча “Türkiye”,

казакча “Түркия”,

каракалпакча “Túrkiya”,

карачай-малкарча “Тюрк” (толук аталышы – “Тюрк Республика”),

кырым татарча “Türkiye”,

өзбекче “Turkiya”,

татарча “Төркия”,

түркмөнчө “Türkiýe”,

уйгурча “Түркийә” (تۈركىيە) деп жазылат.

Албетте, федерациялык мамлекеттин курамындагы саясий жагдайга байланыштуу орус тилинин үстөмдүкчүл таасири астында “Түркийе” терминин жазууда “ц” жана “с” тыбыштарынан арыла албай жаткан чакан түрк тилдеринин өкүлдөрү да бар.

Мисалы, бул термин алтай, тыва жана хакас тилдеринде “Турция” жана чуваш тилинде “Турци” деп (“я” тамгасы жок), б.а. орус орфографиясындагыдай жазылып келет. Чын-чынында, бул тилдерде деле “ц” тыбышы – төл тыбыш эмес.

“Түркия Республикасы” сөзү саха тилинде “Турциятааҕы Республика” (“Туурак Өрөспүүбүлүкэтэ”) делет, саха айдыңдары интернетте “Туурсуйа”, “Түркийэ” деп да жазып келишет.

Бирдиктүү термин жаатындагы жеке сунушубуз

Биздин оюбузча, түрк тилдүү эгемен өлкөлөрдүн түпкү калктарынын эне тилдеринде деле бул боордош өлкөнүн расмий аталышын тилектештик билдирүү ирээтинде “Түркийе” деп атай башташса орундуу болмок.

Бул – кыргызча сөз муундарындагы үндөшүү эрежесине да ылайык (ү–и–е). Албетте, биздин эне тилибизде алиги үй канаттуусун “үндүк” дейбиз, түрк тилинде “хинди” дешет.

1940–50-жылдары орусчадан өзгөртүлбөй “Турция” деген түрдө кыргыз тилине таңууланып өткөн топонимдик вариантты алсак, бир чети, бул топоним орус тилинде англис тилиндегидей жаман мааниге деле ээ эмес (маселен, илгерки чыгыш славяндарда “германдык” деген этнонимдин ордуна колдонулган “немец” сөзүнүн “түшүнүктүү сүйлөй албаган, дудук” дегендей терс мааниси да болгон), бирок, экинчи чети, орто кылымдардан бери эле кыргыздар колдонгон “түрк” этнониминин ордуна “турк” деген вариантты жана алардын эне тилинде жок “ц” тыбышын таңуулоо – кыргыздар үчүн эне тилин кадырлабастыкка тете жарамсыз иш болду.

Балким, Кыргызстандагы Касым Тыныстанов сыяктуу мыкты тилчилердин 1930-жылдарда жазаланышы, камалышы, айрымдарынын мерт кылынышы, аларга карата “пантүркчү” деген саясий жарлыктын тагылышы кийинки адистердин муунундагы таңууланган орфографиялык эрежелерди оңдоодон сестенткен күнкор маанайды жараткандыр?

Маселен, коңшу Казакстан менен Өзбекстандагы түпкү калктар, Орусиядагы татарлар 1940–1991-жылдары өз эне тилдериндеги китептерде “Турция” деген орусча вариантты эч колдонушкан эмес.

Кырым татарларынын латын жазмасындагы окуу китеби. Украина.
Кырым татарларынын латын жазмасындагы окуу китеби. Украина.

Демек, эне тилибизде жок “ц” тыбышын чыгарып салып, жумшак “к” деп жазып, андан тышкары орус тилинде жок, бирок кыргызча арбын колдонулган “ү” тыбышын расмий киргизүү милдетин Ала-Тоодо эгемендик доорунда гана аткарууга өттүк. Арийне, кыргызча сүйлөп же жазганда дагы эле эски ыргак (инерция) менен “Турция” сөзүн колдонгондордун саны суюла да элек.

Албетте, Кыргызстандагы бир катар окуу китептеринде, энциклопедиялык жыйнактарда “Түркия” түрү постсоветтик доордо арбын колдонула баштады. Мисалы, Кыргыз президентинин интернет барагында 2022-жылы 6-январда мындайча кабар жарыяланган:

“...Түркия тараптын демилгеси менен бүгүн, 6-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүштү”.

Бирок айрым расмий булактарда дагы эле орусчадагыдай “Турция” түрү колдонулуп келгени маалым.

Маселен, ошол эле президенттик интернет барагында 2015-жылдын 8-декабрында (президент А.Атамбаевдин тушунда) жарыяланган кабарда мындайча саптар бар: “...Белгилүү болгондой, кылмышкерлер Турция Республикасынын территориясында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын биргелешкен аракетинин жыйынтыгында кармалган”. (Мында кыргызча “аймак” сөзү турса, анын ордуна “территория” делип берилгендиги да назар бурууга арзыйт).

Постсоветтик доордо “Түркия” деген топонимдик түрдү кыргыз тилинде ырааттуу колдонууга өтүү үчүн бул тилде жазгандардын жарандык эрки президенттик жарлыксыз эле эне тилдин тубаса өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен багытталып келгени да чын.

Эми кирил жана латын жазмаларын жакынкы болочокто бири-бирине айкалыштыруу зарылчылыгын эске алып, кыргызча тексттерде “Түркия” дебестен”, “Түркийе” вариантына көчсөк деле орундуу болмок, деп санайбыз.

Бул “Түркия” аталышындагы орусча “я” тамгасынын ордуна “-ийе” куранды мүчөсүн жалгаштыруу, жогоруда да учкай айтылгандай, сөз муундарындагы үндөшүү эрежесине деле ылайык келип турат.

Алтай элинин чыгаан коомдук ишмери, акын жана жазуучу Бронтой Бөдүров (Бедюров) менен 2022-жылдын 8-январында баарлашканымда, ал азыркы алтай жана хакас тилдеринде да орусчадан алынган “Турция” топоними колдонулаарын тастыктап, биз деле Чоң Алтай менен Кыргызстандагы эне тилдерибизде бул топонимдин жазылышын “Түркийе” деп өзгөртсөк сонун болмок, деген оюн кошумчалады.

Ал эми фин-угор тилдеринин биринде сүйлөгөн мажарлар (венгрлер) “түрк” этнонимин "Török" дешет.

Бронтой аганын пикиринде, дал ушул “Төрөк” сөзү байыркы түрк эндоэтнонимин (элдин өздүк аталышын) сактап калган. Бул “төрөк” сөзүндө “бир туугандар” мааниси да бар, кыргызча жана алтайча деле “төркүн” сөзү сакталган эмеспи, деп Бронтой ага баса белгиледи. Бирок эми “түрк” сөзү (“ү” аркылуу) Түркиянын расмий аталышында 1923-жылдан бери колдонулуп жаткан соң, ушул эле варианттын “Түрк” уңгу сөзүнө “-ийе” деген куранды мүчөнү кошуу керек, деген оюбузду Бронтой агабыз да толук кубаттады.

Өлкө аталышын өзгөртүү жаатындагы башка мисалдар

Тарыхка кылчайсак, англисче жана латынча аталышын өз демилгеси менен тартипке салып, өзү каалагандай ыкмада аталыш сунуштаган башка мамлекеттер да арбын.

Мисалы, Батыш Европадагы Нидерланддар падышалыгын алалык (өлкө аталышы нидерланд тилинде көптүк түрдө “Nederlanden” – “Нидерланддар”, толук вариантта “Koninkrijk der Nederlanden” – “Нидерланддар падышалыгы” деп жазылат).

Бул өлкөнүн дагы бир “Голландия” (“Holland”) деген аталышы жакында эле (2020-жылдын 1-январынан тартып) экинчи расмий аталыш катары колдонуудан алынып салынды. “Голландия” термини болсо өлкөнүн 12 дубанынын эки дубанына гана таандык аймактык аталышты (Түндүк Голландия дубаны менен Түштүк Голландия дубанынын аталыштарын) чагылдырат.

Нидерланддардын тышкы иштер министрлиги бул өзгөрүү тууралуу 2019-жылы эле алдын-ала жарыялап, “Голландия” аталышынан баш тартууну улуттук бренддин заманбап бирдиктүү (орток) аталышка салынышынын зарылчылыгы менен түшүндүргөн.

Балкандагы өзүн “македондуктар” деп атаган славян элинин өлкөсүнүн 2019-жылдын февралынан кийинки расмий аталышы – “Түндүк Македония” (Северна Македонија; англисче – North Macedonia), ал эми жалпы тарыхый Македония аймагынын башка бөлүктөрү Грекия, Болгария, Албания, Сербия жана Косового тепчилген. Бул аталыштагы "Түндүк” сөзү гректердин талабынан кийин мунаса катары кабыл алынды, бирок македондуктар өз өлкөсүн бейрасмий түрдө кыскача “Македония” деп эле аташат. (Тарыхый Македониянын 52,4 %ы Грекияга, 35,8 %ы Түндүк Македонияга, 9,6 %ы Болгарияга карайт).

Постсоветтик өлкөлөрдөн Чыгыш Европадагы Молдова өз аталышын мурдагы “Молдавия” сөзүнөн “Молдова “ деп кайра өзгөрткөн. БУУ дагы өлкө аталышын 1992-жылдан бери "Moldova" түрүндө расмий колдонот, бирок Орусияда аны эскиче “Молдавия” деп атоо өнөкөтү улантылууда. (Анын сыры орусиялык расмий маалымат каражаттарында алигиче “Кыргызстан” аталышын жерип, совет доорундагыдай “Киргизия” деп атоо тажрыйбасынын чоо-жайы менен эгиздей окшош).

Иран болсо 1935-жылы “Персия” аталышынан расмий баш тартып, чет тилдерде да “Иран” ("Iran") деп аталып калды. Бул этнонимдин түбү барып “арий”, “арйан” сөзүнө такалат. Түрк элдери аларды жалпысынан парсы (фарси) деп аташчу, бирок парсы тилдүү элдердин Иранга эч кирбеген чыгыш өлкөлөрү жана тилдери да бар.

Бирма, - мурдагы британдык отордук жай болгон жана 1948-жылы эгемендикке жетишкен өлкө, - 1989-жылы аскердик хунта тарабынан “Мьянма” деп расмий аталган, бирок азыр да өлкөдөгү оппозициячыл күчтөр аны “Бирма” деп атаандаш вариант катары атап келишет. Ал эми түпкү элдерден болгон бирма (бама) эли өз тилинде бул өлкөнү “Бама́” дешет.

Кыскача корутунду

Түркия бийлиги жана ишкердик коомчулугу өздөрүнүн мамлекеттик аталышынын бренд катары сунушталган жаңы вариантына уруксатты кайсы бир “чет элдик аксакалдан”, “байкеден”, “таякеден”, б.а. сырткаркы төбөлдөн сурап отурган жок. Түркийе жумурияты – эгемен өлкө.

Анын үстүнө, ал өз аймагынан сырткары (экспортко) чыгарылчу өзү өндүргөн заттарга кандай тартипте жарлык жабыштыруу ишин өзүнүн ички маселеси катары мыйзамдүү түрдө санайт.

Президент Эрдогандын айтымында, 2021-жылдын соңунда өлкөнүн жалпы экспорт көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 132,9 пайыз өсүшкө жетип, 225 миллиард 368 миллион АКШ долларына тете болду. Ал эми 19 жыл мурда бул көлөм 36 миллиард долларды гана түзгөн болчу.

Экспорттогу бул ийгилик – түрктөрдүн өздөрүнүн мээнети менен жүзөгө ашты, алардын карандай эмгеги.

Өндүрүлгөн товарга ээси тарабынан эн белги салынышы маселесине келсек, “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендегидей эле кеп.

Орто кылымдарда Энесайдагы кыргыз каганы Кытайдын Тан сулалесинин императоруна белекке аргымак жөнөткөндө (Улуу жибек жолу аркылуу жылкылардын ордуна көз жоосун алган жибек таңгактары келчү да), өз эн тамгасын койчу тура. Бул кыргыз тамгасы кытайлык “Танхуйяо” чыгармасында чагылдырылып калган экен.

Эми болсо эн тамганын ордуна “Made in Kyrgyzstan” деген жарлыкты жазып калбадыкпы. Аны “Made in Kirgizia” деп жазууга бизди эч ким мажбурлай албайт.

Анын сыңарындай, өз өлкөлөрүн (анын ичинде Түркийени) латын алфавитинде кантип аташ керектигин да эгемен түрк тилдүү өлкөлөр өз алдынча чече алышат. Аларга да бул жөнүндө кайсы бир “чет элдик аксакалдан”, “байкеден”, “таякеден” же сырткаркы төбөлдөн уруксат сураштын эч бир кажети жок.

Маселе – чыныгы ынтымакта гана деп ойлойм.

Дегиңкиси, башка түрк өлкөлөрү Түркийени / Түркияны өз эне тилинде кандайча аташса да, бул боордош жумуриятты өздөрүнүн англисче дипломатиялык каттарында жана башка расмий адабиятта “Turkey” эмес, "Türkiye” деп, ал эми ü (ү) тамгасы киргизилбей калган чакта “Turkiye” деп жаза баштоосуна эмне үчүн болбосун?

Албетте, бул жаатта адистер жана башка кеңири коомчулук өкүлдөрү өз ойлорун айтуусу абзел.

Ред.: Автордун көз карашын редакциялык турум катары кабыл алууга болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG