"Легендарлуу парламент максатына жетпей калган"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын тарыхында "легендарлуу парламент” деген ат менен калган Кыргыз ССР Жогорку Советинин он экинчи чакырылышынын таркатылгандыгына быйыл күздө жыйырма жыл болот. Ушул тарыхый учурду утурлап эгемен өнүгүүнүн башатында турган парламенттин тарых-таржымалы, өткөөл доордун оош-кыйыштары тууралуу техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов "Азаттыкка" маек курду.