Бекешов: саясатта тууганчылыкты жыйыштыруу керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ушул жумада парламент кызмат адамдарынын ишканаларына мамлекеттик тендерге катышууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Жаңы мыйзамга ылайык, негиздөөчүсү же катышуучусу мамлекеттик кызматта иштеген же алардын жакын туугандарына таандык болгон ишканалар, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган компаниялар мамлекеттик тендерге катыша албайт.