Оштогу газсыз күндөр

Ошто 14-апрелден бери газ жок.

Кыргыз өкмөтү Ошко газ качан берилерин азырынча билбейт. Мындан улам биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев“Азаттыктагы” маегинде бир канча күндөн бери газсыз отургандарды сабырдуулукка чакырды:  

Ош шаарынын тургуну Ирсолат Исмаилова төрт кабат үйдүн балконуна орнотуп алган темир мешке тамак даярдоодо.

Ирсолат эженин мешинин түтүгү балкондон сыртка түтүн үйлөйт.

Кечки тамакка камылга.

Ирсолат эже күл ызгып кетпеши үчүн табагы менен чакан күрөгүн дайыма белен кармайт.

От жагуу үчүн тутурук кагаз.

Газ жоктугу аз келгенсип шаарда эки күн суу да жок болду.

Оштогу суу топтоочу жай ачык асман алдында болгондуктан жаан жааса эле суу ылайланып, өчүрүүгө туура келет.

"Ошгаздын" элүү миңдей кардары бар.