Журналисттер "өрдөк атышты"

Уюштуруучулар алгач аллеядагы бактарга өрдөктүн, кумалактын сүрөттөрүн илип чыгышты. Сценарий боюнча аллеяны журналистика мейкиндиги деп, андагы сүрөттөр журналистикадагы терс көрүнүштөр катары каралган. 

Өрдектөр гезиттерден атайын жасалган.

Флеш-моб жүрүшүндө журналисттер бакчадагы өрдөктөрдү, кумалактарды чогултуп өрт коюшту. Алар бул акция аркылуу символикалуу түрдө кыргыз журналистикасын жалган маалыматтардан, ушак-айыңдардан арылтышты.

Акцияга 50дөн ашык журналист катышты.

Эң кызыгы акция соңунда журналисттерге өрдөктүн бышырылган эти таратылды.

"Антиөрдөк" ишембилик менен жыйынтыкталды.

Журналисттердин 3-май эл аралык эркин басма сөз күнүнө  карата түшкөн эстелик сүрөтү.