Атамбаевдин Кытайдагы сапары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алмазбек Атамбаев 18-майда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинь менен жолукту. Президент Кытай мамлекет башчысынын чакыруусу менен 17-майда аталган өлкөгө кеткен. Өлкө башчылары кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча мындан аркы пландарын талкуулашты. 21-май күнү Атамбаев Шанхай шаарында Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 4-cаммитине катышат. (Тасманы президенттин басма сөз кызматы сунуштады)