"Баллыңдан көр балам, баллыңдан..."

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы 105 деп белгиленген.

Окуу акысы университетке жана бөлүмгө жараша өзгөрөт. Бир жылдык контракт 15 миңден 255 миң сомго чейин жетет.

Быйыл өлкө боюнча 62 миң окуучу мектепти аяктаса, анын 52 миңи жалпы республикалык тест тапшырган.

Бюджеттик орун өлкө боюнча болгону 5421.

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру 7-12-июлда, 2-туру 14-19-июлда жана акыркы туру 21-26-июлда болот.

Чет өлкөлөрдөн келген абитуриенттердин да саны аз эмес.

Европалык илимий-өнөр жай палатасы дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктады. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен Кыргыз-түрк “Манас” университети, Кыргыз-орус “Славян” университети, Кыргызстандын эл аралык университети жана Борбор Азиядагы Америка университети дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын катарынан орун алган.

Быйыл Кыргыз-түрк "Манас" университети 1200 студент кабыл алат. Учурда бир орунга 6-7 абитуриент ат салышууда. Бул окуу жайдын башкы өзгөчөлүгү - 100 пайыз акысыз билим бергендигинде.