"Аманатка кыянат кылбагыла"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясын өткөрдү. Ал үч айдан бери Казакстанда 30 миң тоннага жакын күйүүчү май Кыргызстанга өткөрүлбөй турганына нааразылык билдирди. Күйүүчү майды бажы бекетинде кармап турууну каракчылыкка теңеген Токтонасыров акция учурунда бетине кара беткап кийип, колуна “Кылмыш жана кыянатчылык” деген плакатты кармап турду.