Карылар үйүндөгү ачкачылык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги №72 карылар үйүндө жашаган Калин Төрөгелдиев жана Алтымыш Курманалиев мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Алар карылар үйүнүн жетекчилигин кысым көрсөтүп жатат деп айыптоодо. Ачкачылык жарыялагандардын айтымында, жетекчилик аларга "тамак бербей, орой мамиле кылып келет". Мындан улам тиешелүү чара көрүүнү талап кылып жатышат. Бирок карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаева дооматтарды четке кагууда. Анын айтымында, карылар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, эч кандай басым жок. Буга чейин алардын арызы боюнча бир нече комиссия текшерүү жүргүзүп, эч кандай мыйзам бузуу аныкталган эмес.